2022-03-14 10:26:51 181
«21-февраль - Бүткүл дүйнөлүк эне тил» күнүнө карата Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде көп тилдүүлүктү даңазалаган иш-чара уюштурулду. Максатка ылайык, ар бир улуттун эне тилинин баалуулугун барктоого багыт берүүдө, кыргыз, англис, немец тилдеринин ордун чагылдырган видеоролик, сахналык көрүнүш, элдикыр, улуттук бий, керкөм окуу иш-чаранын негизин түздү. Факультеттин деканынын м.а., доцент Сагындыкова Р.Ж. иш-чараны ачып, өз сөзүндө чет тилдерин билүү ар бир инсандын дүйнө таанымын кеңейтүүгө, ошондой эле, ар бир элдин тили баарлашуунун гана эмес, өнүгүүнүн да күчтүү куралы бойдон кала беришин баса белгиледи. Иш-чарага конок катары чакырылган ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, П.и.К., доцент м.С. Шарипова факультеттин профессордук-окутуучулук курамын, студенттерин куттуктап, ийгилик каалады. Англис тили адиси Дж. Стасинопоулос студенттердин чыгармачылыгын жогору баалап, тилге болгон кызыгуусун арттырды. Мыкты аткарылган чыгармалар университет тарабынан уюштурулуп жаткан "Тил-улуттун биримдиги"аттуу кароо-сынагына жолдонмо алды. An event celebrating multilingualism was organized at the Faculty of World Languages and Cultures on February 21 to mark World Mother Language Day. Video presentations, stage plays, folk songs, national dances, and art readings, reflecting the role of the Кyrgyz, English, and German languages, formed the basis of the event, focusing on the value of the mother tongue of each nation. Acting Dean of the Faculty, Associate Professor Rakhat Sagyndykova in her opening spеech stressed that knowledge of foreign languages will expand the worldview of each individual, and the language of each nation will remain a powerful tool not only for communication but also for development. The guest of the event was the Vice-Rector for State Language and Social Affairs of Osh State University, Candidate of Pedagоgical Sciences, Associate Professor Mastura Sharipova. She congratulated the faculty and students and wished them success. English language fellow John Stasinopoulos praised the students' creativity and increased their interest in the language. The best performances of students were selected for the competition organized by the university.