ОШСКИЙ ГОСУДАРСТВЕННЫЙ УНИВЕРСИТЕТ
Институт филологии и межкультурной коммуникации

wer
kg
ru
en
  • Главная
  • Английская филология
    • Кафедра фонетики и грамматики английского языка
    • Кафедра методики преподавания английского языка
    • Кафедра романо-германской филологии
    • Кафедра Американистики и перевода
    • Кафедра практического курса английского языка
    • Кафедра немецкого языка
    • ГОС
  • Кыргызская филология
    • Максаты жана окутуунун натыйжалары
    • Кафедралар
    • Магистратура бөлүмү
    • Тарыхы
    • Абитуриенттер үчүн
    • Окуу- ѳндүрүштүк практиканын келишими
    • Стейкхолдерлер менен жүргүзүлгөн иш-чаралар
    • Тандоо курстары
    • Илимий иштер
    • Негизги билим берүү программасы
    • Байланыш
    • Бөлүмдүн структурасы
    • Академиялык мобилдүүлүк
    • ОшМУнун Миссиясы
    • Окумуштуулар кеңеши
    • ОшМУнун Уставы, стратегиялык планы
    • Тарбиялык иштер
    • жаштар комитети
    • Фото галерея
    • МЕТОДИКАЛЫК КЕҢЕШ
    • ПРАКТИКА
    • СТЕЙКХОЛДЕРЛЕР БАЗАСЫ
    • СОЦИАЛДЫК ТҮЙҮНДӨР
    • ТИЛ КУРСТАРЫ
    • Рекомендациялар
  • Русская филология
    • Мы помним ваши праведные дела
    • Научная работа
    • Наши выпускники
    • Кафедры
    • Центры в действии...
    • Общественная жизнь факультета
    • Материально-техническая база
    • Педагогическая практика
    • МАГИСТРАТУРА
    • Ассоциация выпускников
    • Учебная работа
    • Методический совет
    • Ученый совет
    • ООП
    • Молодежный комитет
    • План работы
    • ФОС факультета русской филологии
    • Новости факультета
    • Профсоюзный комитет факультета
    • История
    • ФРФ, Филология - ЮУрГУ Совместная образовательная программа)
    • ФРФ - ПДД ЕНУ)
    • Академическая мобильность
  • МЕЖДУНАРОДНЫЕ СВЯЗИ
    • План
    • Резюме
    • Договоры
    • Мобильность
    • Положение
    • Иностранным студентам
    • QRcode ссылки
    • Отчёт
    • КООРДИНАТОРЫ ПО МЕЖДУНАРОДНЫМ СВЯЗЯМ ФАКУЛЬТЕТОВ ОШГУ
    • Новости

  • МЕЖДУНАРОДНЫЕ ОБРАЗОВАТЕЛЬНЫЕ ПРОГРАММЫ
  • Магистратура
  • РhD Докторантура
  • Наука
  • Стратегический план
  • Кыргызская филология
  • Окумуштуулар кеңеши

Окумуштуулар кеңеши

Окумуштуулар кеңешинин курамы

Окумуштуулар кеңешинин иш планы

Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайынын окумуштуулар кеңеши жөнүндө
ЖОБО

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюму жөнүндө жобого ылайык, ички ЖОЖдук саясатты, окуу жана илимий ишти, жогорку окуу жайынын ишмердүүлүгүнүн негизги маселелерин жогорку кесиптик деңгээлде чечүү, адистерди даярдоонун жогорку сапатын камсыз кылуу бөлүгүндө иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максаттарында жогорку окуу жайынын окумуштуулар кеңеши уюштурулат.

2. Окумуштуулар кеңеши жогорку окуу жайын башкаруунун коомдук-кесиптик органы болуп эсептелинет. Окумуштуулар кеңешинин кадрларды тандап алуу, жайгаштыруу, жумуштан бошотуу, каржылык-чарбалык ишмердүүлүк маселелери боюнча чечимдери сунуштоо мүнөзүнө ээ.

3. Жогорку окуу жайынын окумуштуулар кеңешинин негизги функциялары жана милдеттери:

- факультеттерди, кафедраларды, башка илимий жана окуу бөлүмдөрүн түзүү, жоюу, ирилештирүү жана бөлүү боюнча маселелерди кароо жана сунуштарды иштеп чыгуу;

- жогорку окуу жайын өнүктүрүүнүн жылдык жана келечектүү пландарын бекитүү;

- жогорку окуу жайынын проректорлорунун (жетекчинин орун басарларынын), жогорку окуу жайынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин окуу, окуу-методикалык, илимий, каржылык-чарбалык жана тарбиялык иши боюнча отчетторун угуу жана аларды андан ары өркүндөтүү боюнча чараларды көрүү;

- жогорку окуу жайынын жетекчилеринин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн бүтүшү менен алардын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча отчетторун угуу жана кийинки мөөнөткө шайлоо үчүн сунуштамаларды кабыл алуу;

- колдонуудагы мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык, квалификациялык мүнөздөмөлөрдү, окуу процессинин жумушчу окуу пландарын жана графиктерин, тандоо боюнча дисциплиналардын тизмесин бекитүү, ошондой эле дисциплиналарынын окуу программаларын, аспиранттардын, докторанттардын, изденүүчүлөрдүн жекече окуу пландарын, ошондой эле магистрлерди даярдоонун жекече пландарын бекитүүнүн тартибин жана алардын аткарылышын контролдоонун тартибин аныктоо;

- окуу процессин уюштуруу жана оптималдаштыруу маселелерин кароо, окуу процессине окутуунун эффективдүү технологияларын киргизүү;

- илимий-изилдөө жана методикалык иштердин негизги багыттарын аныктоо, аларды өткөрүүгө каржылык жана эмгектик ресурстарды бөлүштүрүү;

- илимий жана окуу бөлүмдөрүнүн илимий-уюштуруучулук ишинин эффективдүүлүгүн баалоо боюча чечимдерди кабыл алуу жана баалоонун негизинде аларды өнүктүрүүнүн максатка ылайыктуулугу тууралуу чечимдерди кабыл алуу;

- белгиленген тартипте профессордук-окутуучулук курамдын, кафедра башчыларынын, факультеттердин декандарынын, башка окуу жана илимий бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кызмат орундарын ээлөөлөрүнө конкурстук шайлоолорду өткөрүү боюнча отчетторду угуу;

- профессор жана доцент илимий наамына изденүүчүлөрдүн ишин кароо, белгиленген тартипте профессор жана доцент илимий наамдарын ыйгаруу жана аларды илимий наамга бекитүүгө көрсөтүү;

- жогорку окуу жайынын илимий-педагогикалык кызматкерлеринин, аспиранттарынын, докторанттарынын жана изденүүчүлөрүнүн окумуштуу даражаларын ыйгарылышына карата иштерин кароо жана диссертацияларды кароо боюча адистештирилген кеңештерге сунуштамаларды берүү;

- студенттер жана аспиранттар үчүн түзүлгөн жекече жана мамлекеттик стипендияларды ыйгаруу маселелерин кароо;

- жогорку окуу жайдын илимий-педагогикалык кадрларын өкмөттүк сыйлыктарга көрсөтүү жөнүндө иштерди кароо.

4. Окумуштуулар кеңеши төмөндөгүдөй курамда түзүлөт:

- ректор (кеңештин төрагасы), проректорлор, окуу бөлүмүнүн начальниги, факультеттердин декандары, кесип берүүчү кафедралардын башчылары, башка илимий-педагогикалык бөлүмдөрдүн, кесипчилер кошуунунун жана студенттердин коомдук уюмдарынын жетекчилери (бул контингент окумуштуулар кеңешинин жалпы санынын 50%ынан ашпоосу зарыл);

- факультеттердин жана башка окуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн өкүлдөрү, тийиштүү түзүмдөрдүн кеңештери тарабынан белгиленген тартипте тандалып алынган көрүнүктүү окумуштуулар, профессорлор жана доценттер.

Окумуштуулар кеңешинин курамына илимий жана изилдөөчүлүк мекемелердин жетекчилери, адистерди даярдоо профили боюнча, бул окуу жайында иштебеген ири окумуштуулар, искусствонун жана маданияттын ишмерлери киргизилиши ыктымал.

5. Окумуштуулар кеңешинин курамын мамлекеттик билим берүүнү башкаруу органынын макулдугу менен 2 жылдык мөөнөткө жогорку окуу жайынын ректору бекитет.

6. Окумуштуулар кеңешинин мүчөсү курамдан ыйгарым укугунун мөөнөтү бүткөнгө чейин чыгып калса, аны белгиленген санына толуктоо, анын курамын түзүү сыяктуу тартипте эле окуу жылынын башталышында жүргүзүлөт.

7. Жогорку окуу жайынын окумуштуулар кеңешинин чечими боюнча анын ыйгарым укуктарынын бөлүгү жогорку окуу жайынын уставына ылайык, жогоруда келтирилгендей тартипте түзүлүүчү түзүмдүк бөлүмдөрдүн окумуштуулар кеңештерине өткөрүлүп берилиши мүмкүн. Бөлүмдөрдүн окумуштуулар кеңешинин курамын жогорку окуу жайынын ректору бекитет.

8. Жогорку окуу жайынын уставына ылайык, окумуштуулар кеңешинин ыйгарым укуктары кеңейтилиши ыктымал. Окумуштуулар кеңешинин ишинин регламентин, анын өздүк курамын комплектөөнүн жана кеңештин айрым мүчөлөрүнүн мөөнөтүнөн мурда чыгып калышын толуктоонун тартибин устав аныктайт.

9. Окумуштуулар кеңешинин профессордук-окутуучулук жана илимий курамдардын кызмат орундарын ээлөөгө конкурстарды, факультеттердин декандарын, кафедралардын, башка окуу илимий бөлүмдөрдүн башчыларын шайлоолорду өткөрүү, илимий наамдарды ыйгарууга көрсөтүү маселелери боюнча чечимдери жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.

Окумуштуулар кеңешинин окуу, илимий, тарбиялык, каржылык-чарбалык жана ишмердүүлүктүн башка да түрлөрүнүн маселелери боюнча чечимдери ачык добуш берүүдө, көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.

Окумуштуулар кеңешинин чечими жогорку окуу жайынын ректору бекиткенден кийин күчүнө кирет.

10. Окумуштуулар кеңешинин жыйынына протокол жазылат. Протоколдорго төрага менен кеңештин окумуштуу катчысынын колдору коюлат.

11. Окумуштуулар кеңешинин төрагасы кеңештин чечимдеринин аткарылышын системалуу текшерип турууну уюштурат жана кеңештин мүчөлөрүнө кабыл алынган чечимдердин аткарылганы тууралуу маалымдайт.


Контакты

Кыргызстан, 723500, г. Ош,
ул. Ленина, 331, ОшГУ Главный корпус
Общий отдел: +996 3222 2-22-73,
факс +996 3222 2-40-66,
oshsu.oms@gmail.com

Пресс-служба

Нуралиева Зинагул Абдырашитовна
Е-mail: zinur11@mail.ru
0(3222) 2-04-87, 0770-37-94-98
chechgpi@mail.ru

Приемная комиссия

Кыргызстан, 723500, г. Ош,
ул. Ленина, 331, ОшГУ Главный корпус
Приемная комиссия: +996 3222 2-45-25,
oshsu.oms@gmail.com

Ошский государственный университет

Официальный сайт
ФАКУЛЬТЕТ МИРОВЫХ ЯЗЫКОВ И КУЛЬТУР

© 2017 IT Академия - OшГУ