Объект научной деятельности
Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун англис тилин
окутуунун методикасы кафедрасынын улук окутуучусу Сулайманова Гульнура
Жолдошовнаны педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алуусу
менен куттуктайбыз! Ишиңизди ийгиликтер коштосун!
ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжинин чоң залында 2024-жылдын
28-октябрь күнү ОУК тарабынан уюштурулган “Алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу “
боюнча семинар болуп өттү.Семинарга филология жана маданияттар аралык
коммуникация институтунун ,экономика, бизнес жана менеджмент
институтунун,,математика ,физика жана информациялык технологиялар
институтунун ПО курамдары катышышты. “ОшМУнун заманбап лектору-2024
“конкурсунун жеңүүчүсү МФТИТинститутунун доценти ,физика жана
математика илимдеринин кандидаты Аркабаев Н.К. “Жасалма интеллект окутуунун
кызматында “ , “ОшМУнун педагогикалык дебют-2024 “ конкурсунун жеңүүчүсү
МФТИТ институтунун жаш окутуучусу Абдивоситова А.Г нын “Окутуудагы
интерактивдүү баалоо ыкмаларын колдонуу “ боюнча тажрыйбаларын
бөлүшүштү.Семинар ПО курамдары үчүн өтө пайдалуу жана жемиштүү семинарлардын
бири болду.
ОшМУнун филология жана маданият аралык коммуникация институтунун “Англис
тилин окутуунун методикасы “ кафедрасынын методистти Таалайбек кызы Мадина
Казахстан мамлекетинин Алматы шаарындагы болуп өткөн “international
communication “аттуу тренингке барып катышып,билимин терээңдетип
келди.Тренинг бир аптага созулуп,андан соң катышуучулар тарабынан
сунушталган долбоорлор уюуштуруучулар тарабынан колдоого алынды.
16-октябрь куну англис тилин окутуунун методикасы кафедрасынын окутуучулары
Маткасымова В. К, Осмонбаева Ж.А, Бакыева А, Мурзакулова Ж. 2-курстардын
методикасын окутуунун усулу предмети боюнча усулдук кенеш откорушту. Анда
төмөндөгудөй маселе каралды.
Кун тартибинде:
1. СРСПны жана СӨАИ терди түзүү боюнча
2. Семинардык сабактарда баалоонун формасы жөнүндө талкуу
3. Компетенцияларды туура коюу боюнча
2-курстардагы англис тилин окутуунун методикасы предмети быйылкы жылы
2-курстарда биринчи жолу өтүлүп жаткандыгына байланыштуу, силлабус жана СРСП
түзүүдо бир кыйла кемчиликтерге жол берилген. Окутуучулардын алдына ошол
кемчиликтерди жоюу маселеси талкууланды. Методиканы окутуунун СРСПнын
сааттары лекция үчүн 7 саат жана семинардык сабактар үчүн 11саат бөлүнуп,
ошого ылайыктуу кылып түзуусун кафедранын метод секциянын башчысы
Маткасымова В баяндап өттү. Кафедранын окутуучусу Мурзакулова Ж
университеттин ичинде өткөрүлгөн СӨАИ ни кантип уюштуруу боюнча семинарга
катышып келген тажрыйбалары менен бөлүштү.
2-маселе боюнча 2-курстар боюнча методика сабагынын улук усулчусу Ж.
А.Осмонбаева сабакты баалоонун түрлөрун туура колдонуу мындайча айтканда, ,
билимдин жыйынтыгын аныктай турган ар кандай баалоо каражаттарды,
диаграммаларды өздөрүнүн окуткан студенттеринин дэнгээлине ылйыкташтырып
түзүп, колдонуп алуусун окутуучуларга билдирип өттү. Натыйжажа, окутуучулар
буд методикалык кенеште бири биринен керектүү нерселерди үйрөнгөнүн жана жаш
окутуучу Бакыева А. Бул усулдук кенешмеден өзүнө бир топ пайдалуу билим
алгандыгын билдирди.
On May 25-28, 2024 the docent of the Chair of the English language teaching methods Dinara Surkeeva took part in the International science and methodological seminar which was organized by the Nazarbaev University in Astana, Kazakhstan republic.
6_жылга_макала_маалымат__АТОМ
повышение квалификации ППС АТОМ
5 лет отчет по науке
научный отчет 2023-2024
Научный план 2023-2024
СКОПУС
Кафедранын улук окутуучусу Сулайманова Гульнура Жолдошовна 13.00.01 - жалпы педагогика, педагогиканын жана билим беруунун тарыхы адистиги боюнча "Концептуалдык карталар аркылуу болочок мугалимдердин улуттук баалуулуктарын калыптандыруунун педагогикалык негиздери " (англис тилин окутуунун мисалында ) деген темадагы педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу учун жазылган диссертациялык ишин п. и. д., профессор, Сатканбай Момуналиевдин жетекчилиги астында 2024-жылдын 19-мартында ийгиликтуу коргоп алды.
Кафедранын улук окутуучусу Койлубаева Бурулча Кожоновна 13.00.01 - жалпы педагогика, педагогиканын жана билим беруунун тарыхы илимий адистиги боюнча «Кыргыздардын салттык баалуулуктары аркылуу ЖОЖ студенттеринин гендердик-ролдук маданиятын өнүктүрүү» деген темадагы педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу учун жазылган диссертациясын п.и.д., профессор, Алимбеков Акматали Алимбековичтин жетекчилиги астында 2023-жылдын 27-октябрында ийгиликтуу коргоп алды.
https://base.oshsu.kg/resurs/images/original/JPG-20240419080701-atom2022.jpg
https://base.oshsu.kg/resurs/images/original/JPG-20240419080724-atom2022.jpg