ОШСКИЙ ГОСУДАРСТВЕННЫЙ УНИВЕРСИТЕТ
Институт филологии и межкультурной коммуникации

wer
kg
ru
en
  • Главная
  • Английская филология
    • Кафедра фонетики и грамматики английского языка
    • Кафедра методики преподавания английского языка
    • Кафедра романо-германской филологии
    • Кафедра Американистики и перевода
    • Кафедра практического курса английского языка
    • Кафедра немецкого языка
    • ГОС
  • Кыргызская филология
    • Максаты жана окутуунун натыйжалары
    • Кафедралар
    • Магистратура бөлүмү
    • Тарыхы
    • Абитуриенттер үчүн
    • Окуу- ѳндүрүштүк практиканын келишими
    • Стейкхолдерлер менен жүргүзүлгөн иш-чаралар
    • Тандоо курстары
    • Илимий иштер
    • Негизги билим берүү программасы
    • Байланыш
    • Бөлүмдүн структурасы
    • Академиялык мобилдүүлүк
    • ОшМУнун Миссиясы
    • Окумуштуулар кеңеши
    • ОшМУнун Уставы, стратегиялык планы
    • Тарбиялык иштер
    • жаштар комитети
    • Фото галерея
    • МЕТОДИКАЛЫК КЕҢЕШ
    • ПРАКТИКА
    • СТЕЙКХОЛДЕРЛЕР БАЗАСЫ
    • СОЦИАЛДЫК ТҮЙҮНДӨР
    • ТИЛ КУРСТАРЫ
    • Рекомендациялар
  • Русская филология
    • Мы помним ваши праведные дела
    • Научная работа
    • Наши выпускники
    • Кафедры
    • Центры в действии...
    • Общественная жизнь факультета
    • Материально-техническая база
    • Педагогическая практика
    • МАГИСТРАТУРА
    • Ассоциация выпускников
    • Учебная работа
    • Методический совет
    • Ученый совет
    • ООП
    • Молодежный комитет
    • План работы
    • ФОС факультета русской филологии
    • Новости факультета
    • Профсоюзный комитет факультета
    • История
    • ФРФ, Филология - ЮУрГУ Совместная образовательная программа)
    • ФРФ - ПДД ЕНУ)
    • Академическая мобильность
  • МЕЖДУНАРОДНЫЕ СВЯЗИ
    • План
    • Резюме
    • Договоры
    • Мобильность
    • Положение
    • Иностранным студентам
    • QRcode ссылки
    • Отчёт
    • КООРДИНАТОРЫ ПО МЕЖДУНАРОДНЫМ СВЯЗЯМ ФАКУЛЬТЕТОВ ОШГУ
    • Новости

  • МЕЖДУНАРОДНЫЕ ОБРАЗОВАТЕЛЬНЫЕ ПРОГРАММЫ
  • Магистратура
  • РhD Докторантура
  • Наука
  • Стратегический план
  • Кыргызская филология
  • Кафедралар
  • №1 факультеттер аралык кыргыз тили жана адабиятынын практикалык курсу кафедрасы
  • Кафедранын илимий иштери

Кафедранын илимий иштери

Кафедра мүчөлөрү тарабынан жарыяланган эмгектер

ИЛИМИЙ СЕМИНАР


24.05.2024

Кафедранын доценти Ф.Алиева "Илимий иштин мазмуну жана структурасы" деген темада илимий-усулдук семинар өттү. Семинарга талкуулануучу макаланын автору т.и.к., доцент А.Мырзакметов катышты. Илимий иштеги тезис, аргумент, корутунду, өзөк сөз, тема, рема, сыяктуу мазмундук, түзүмдүк компоненттер талданып, авторго суроолор берилди. Ошондой эле ачкыч сөздөрдү тандоо, салттуу жана эл аралык журналдар үчүн жазылган макалалардын айырмасы тууралуу айтылды. Катышкандар илимий-усулдук семинардын жакшы даядык, жаңы технологияларды пайдалануу менен жогорку денгээлде өтүлгөндүгүн жана практикалык жактан пайдалуу болгондугун белгилешти.




ИЛИМИЙ ДИСКУРС

24.05.2024

Кафедранын доценти Койчуманова Гулжан Кадыровна "Философиялык лириканын табияты" деген темада илимий баяндама жасап, анда илимдер интеграцияланып жаткан доордо бул тема актуалдуу экендигин баса белгиледи. Баяндамада философиялык лириканын өзгөчөлүгүнө, табиятына илимий талдоо жүргүзүлүп, идеялык-тематикалык жактан анализ жасалды.




img width="755" src="https://base.oshsu.kg/resurs/images/original/JPG-20240529083110-kyrgyz.jpg"


ИЛИМИЙ ДИСКУРС
24.05.2024
Кафедранын доценти К.Ш.Чотикеева "Кыргыз тилин экинчи тил катары салыштырып окутуу (А1,А2) деген темада илимий баяндама жасады. Баяндамада бүгүнкү күндө кыргыз тилин өлкөдөгү башка улуттардын өкүлдөрүнө окутуу жана улуттар аралык байланыш куралы катары үйрөтүү менен кыргыз элинин тилдик баалуулуктарын жайылтуу маселелерин белгилеп өттү. Студенттердин теориялык билимдерин бекемдөө, системага салуу боюнча илимий-методикалык анализ жасады.






ИЛИМИЙ ДИСКУРС
21.05.2024
Кафедрадагы илимдин кандидаттары пландалган график боюнча төмөндөгүдөй макалаларын талкууга коюшту:
1. Назира Ормонбековна Караева - "Кыргыз-корей тилдериндеги посессивдик сөз айкаштарынын маанилери";
2. Рахат Топчубаевна Бекмуратова - "Студенттердин коммуникативдик компетенттүүлүгүн жогорулатуунун айрым ыкмалары";
3. Назгүл Исраиловна Тахирова - "Манас таануу" курсун башка дициплиналардан берилүүчү илимий билимдер менен интеграциялап окутуу".
Баяндамачылар кыргыз тилин, "Манас таануу" курсун окутуудагы актуалдуу маселелерге токтолушту жана суроо-сунуштардын негизинде талкуу

жүргүзүлдү.






16.05.2024 ИЙРИМ: МАКАЛА ЖАЗУУНУН ТАЛАПТАРЫ Кафедранын окутуучулары Назира Караева, Нурийла Дамилова кафедранын "Илим-инновация" ийримине жана ОшМУнун студенттик клубуна "Макала жазуунун талаптары" боюнча семинар-тренинг өтүштү. Эжекелердин баалуу маалымат, багыттарына ыраазычылык билдиребиз. Буюрса ийримдин, клубдун мүчөлөрүнөн жаш илимпоздор чыгат деген ишеничтебиз.





"МУРАТОВДУК ОКУУЛАРДЫГЫ" МЫКТЫЛАР 2-ДАРАЖАДАГЫ ДИПЛОМ ЭЛМИРА АЛИШЕРОВА 2024-жылдын 16-майында педагогика илимдеринин доктору, профессор А.Муратовдун педагогикалык окуусунун алкагында «Улуттук наркты сактоодо тил, адабият жана элдик педагогиканын ролу, муратовдук окуулар – 2» эл аралык илимий-практикалык конференциясын жана илимий-усулдук макалалардын, сабактардын иштелмелеринин сынагы болуп өттү. Конференция илимий-теориялык, илимий-усулдук макалалар жана сабактардын иштелмелери багытында болду. Илимий баяндамалар жана сынактын жыйынтык жыйыны Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде өтүп, кафедранын окутуучусу Э. Алишерова сабактын иштелмелери боюнча сынакта 2-орунду алып, ll даражадагы диплом менен сыйланды. Педагогика илимдеринин доктору, профессор А.Муратовдун баалуу китептери белекке берилди.





10.05.2024 ИЛИМИЙ ДИСКУРС Кафедранын доценти Давлатова Сара Жамаловна " Махмут Кашкаринин «Дивану лугати т-түрк» сөздүгүндөгү өсүмдүктөрдүн аттарынын азыркы кыргыз тилинин лексикасында колдонулуу деңгээли" деген темада баяндама жасап, азыркы кыргыз тилинин байыркы түрк тилдеринин бири экендигин аныктоо жана кыргыз тилинин өнүгүү процессин белгилөө актуалдуу экендигин баяндап, өсүмдүктөрдүн сөздүктө берилген варианттары менен салыштырып, өсүмдүк аттарынын маанисин ачуу менен бирге колдонуу зарылдыгына токтолду. Ал эми доцент Каразакова Зувайда Жамиловна "Текст - окутуунун негизги каражаты" деген темада баяндама жасап, кыргыз тилин ЖОЖдордо окутууда өлкө таанууга багытталган лексикалык темадагы тексттердин негизинде студенттердин коммуникативдик, тилдик, маданий жана адистик компетенцияларын калыптандырууга жана өнүктүрүүгө багыттап окутуу зарылдыгына, башкача айтканда, ар бир адистиктин өзгөчөлүгүнө, келечек кесип жолундагы кыргыз тилинин ролуна, ээ болуучу компетенттүүлүгүнө, өз оюн мамлекеттик тилде эркин билдире алуусуна өзгөчө маани берүү талапка ылайык экендигин белгилеп, мындай баалуулуктарга жетүү үчүн текстти так өздөштүрүү, аны окутуунун каражаты катары кароо, пайдалануу окутуудагы актуалдуу маселерден экендигине токтолду. Баалуу баяндама, маанилүү маалымат үчүн баяндамачыларга ыраазычылык билдиребиз. Ишиңиздерге ийгилик жана ден соолук каалайбыз.






ЖЕМИШТҮҮ ЖЫЙЫНТЫК

2024-жылдын 20-апрелинде ОшТУда өткөрүлгөн XI аймактык олимпиада жыйынтыкталды. КЫРГЫЗ ТИЛИ предметинен аймактыктык олимпиадада студенттери байгелүү орундарды алган кафедранын окутуучулары Рахат Бекмуратованы жана Жазгүл Максутованы КУТТУКТАЙБЫЗ. Окуу жайга олжо, жамаатка сыймык жана окутуучуларга барк алып келген төмөндөгү студенттерибизди КУТТУКТАЙБЫЗ: Баштоочу тайпа: 1-ОРУН — Орус филологиясы факультетинин РЛ(б)-3-23 тайпасынын студенти Шамшиева Машхурахон (окутуучусу Жазгүл Максутова) Улантуучу тайпа: 1-ОРУН — Физика-техника факультетинин ФЕ(б)-1-23 тайпасынын студенти Абдиламитова Акылай(окутуучусу Рахат Бекмуратова); 2-ОРУН — Орус филологиясы факультетинин РЛ(б)-3-23 тайпасынын студенти Жөжөбекова Аяна (окутуучусу Жазгүл Максутова). Билим бааланса, мээнет акталат. Ийгиликтериңизге ортоктош, жеңишиңиздерге тилектешпиз.












ТИЛДИ ДЕҢГЭЭЛДЕП ОКУТУУДАГЫ ИННОВАЦИЯЛЫК МЕТОДДОР аталышындагы эл аралык илимий-усулдук онлайн семинар

Илимий-усулдук семинар ОшМУнун 85 жылдык мааракесине арналып, ага Ош мамлекеттик университетинин, Түркия Республикасынын Фырат жана Нигде Өмер Халисдемир университеттеринин, Өзбекстан Республикасынын А.Навои атындагы Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университетинин, Казакстан Республикасынын Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин, Кыргыз Республикасындагы ЖОЖдордун өкүлдөрү катышышты. Семинарда ОшМУнун эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Аттокуров Курсантбек Шарабидинович кызматташуу алкагындагы бараандуу иштерди белгилеп, семинарды уюштурган ОшМУнун КФжЖ факультетинин факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасына ыраазычылык билдирип, ийгилик каалады. Жогоруда аталган окуу жайлардын илимий иштер боюнча проректорлору, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчилери кызматташтык алака мындан ары уланып, тилди деңгээлдеп окутуудагы маселелерди чечүүдө илимий-усулдук жактан көмөктөшүп, тажрыйба алмашуу чөйрөсү үзгүлтүксүз жүргүзүлөрү белгиленди. Баяндамалардын, сунуш-пикирлердин, талкуунун жыйынтыгында кесипкөй адистерди даярдоодо тилди деңгээлдеп окутуунун мааниси чоң экендиги белгиленип, инновациялык методдорду тилди окутуудагы алдыңкы тажрыйба катары билим берүү жараянында жайылтуу сунушу айтылды. Бир баба тилден таркаган түрк тилдерин окутуудагы алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу менен бирге тилди деңгээлдеп окутуу, эл аралык маданий, илимий, усулдук иш-чараларды биргеликте өткөрүү, эл аралык долбоорлор, программалар менен иш алып баруу, тажрыйба алмашуу боюнча кызматташтыкты күчөтүүнү колго алуу максатында эстафеталык түрдө ар жылы 2 ирет (бир семестрде 1 жолу) семинар-конференцияларды уюштуруу жагы сунушталды.

























ИЛИМИЙ ДИСКУРС

16.04.2024

Кафедранын доценти Алиева Фарида Эсеновнанын "Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы микротопонимика этникалык эс тутум катары" деген темадагы илимий макаласынын талкуусу өттү. Угуучулар макаланын методологиясы аныкталгандыгына, жаңычылдыгына, актуалдуулугуна токтолушуп, баяндамачыга баалуу пикирлерди билдиришти.

ОшМУнун 85 жылдыгына карата илимий жумалыктын алкагында илимий-изилдөө багытындагы иш-чаралар байма-бай өтүлүп турмакчы.


Видео ссылка


Илимий иштердин планы-2024 Илимий иштердин отчету.2023-жыл


ОшМУнун факультеттеринде ОЛИМПИАДА

Кыргыз тили предметинен факультеттерде олимпиада болуп өттү.

Жазуу жумуштары (жат жазуу, баяндама), тест (гугл форма) алынып, жеңүүчүлөр белгиленди.




КЫРГЫЗ ВИКИПЕДИЯСЫ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ

2024-жылдын 21-февралында "Кыргыз Википедиясын тутумдук өнүктүрүүгө" багытталган семинар кафедранын окутуучулары үчүн уюштурулуп, мамлекеттик тилде Википедияга макала жазуу жана түзөтүү, энциклопедиялык маалыматтарды жазуу жана булактар менен иштөө, студенттердин өз алдынча иштөөлөрүн оптималдаштырууга булак катары пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүнө токтолуп, кенен баяндап берген кыргыз википедиячысы, активист Элбек Хабибуллаевге ыраазычылык билдиребиз.

Долбоорлор менен иштөө, мамлекеттик тилдеги макалаларды жакшыртуу, коомчулукка сабаттуу маалыматтарды жеткирүү ж.б. максатындагы кызматташуубуз улана бермекчи.




ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ


Бүгүн, 2024-жылдын 13-мартында КЫРГЫЗ ТИЛИ предметинен (баштоочу, улантуучу) XI аймактык студенттик олимпиадага катышуучулар тандалды.

Баштоочу тайпа:

1-орун: Шамшиева Машхурахон (Орус филологиясы факультетинин студенти. Окутуучусу Жазгул Максутова);

2-орун: Хамдамова Садия (Медицина факультетинин студенти. Окутуучусу Гулнара Толубаева);

3-орун: Алимжанова Шаходат (Табият таануу жана агрардык технологиялар факультети. Окутуучусу Фарида Алиева).

Улантуучу тайпа:

1-орун: Жөжөбекова Аяна (Орус филологиясы факультети. Окутуучусу Жазгул Максутова);

2-орун: Абдиламитова А. (Физика-техника факультетинин студенти. Окутуучусу Рахат Бекмуратова);

3-орун: Сегизбаева Даткайым (Юридика факультетинин студенти. Окутуучусу Кызбурак Маданова).

Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз!

Кийинки баскычтарга үлкөн ийгиликтерди каалайбыз!

СТУДЕНТТЕР ИЛИМДЕ

2024-жылдын 26-мартында А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин музыкалык-педагогикалык факультети тарабынан өткөрүлгөн “Нарктуу үй-бүлөлүк педагогика” аталышындагы студенттердин аймактык илимий-теориялык конференциясына ОшМУнун математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун ГД(б)-1-21 тайпасынын студенти Шарип кызы Майрам кафедранын улук окутуучусу Жыпаргүл Айтибаеванын жетекчилигинде “Тарбия башаты – үй-бүлө. Салттуу тарбия” аталышындагы макаласы менен катышып, мазмундуу баяндама жасады. Баяндама катышуучулардын кызыктуу талкуусун жаратып, басмага сунушталды.



Контакты

Кыргызстан, 723500, г. Ош,
ул. Ленина, 331, ОшГУ Главный корпус
Общий отдел: +996 3222 2-22-73,
факс +996 3222 2-40-66,
oshsu.oms@gmail.com

Пресс-служба

Нуралиева Зинагул Абдырашитовна
Е-mail: zinur11@mail.ru
0(3222) 2-04-87, 0770-37-94-98
chechgpi@mail.ru

Приемная комиссия

Кыргызстан, 723500, г. Ош,
ул. Ленина, 331, ОшГУ Главный корпус
Приемная комиссия: +996 3222 2-45-25,
oshsu.oms@gmail.com

Ошский государственный университет

Официальный сайт
ФАКУЛЬТЕТ МИРОВЫХ ЯЗЫКОВ И КУЛЬТУР

© 2017 IT Академия - OшГУ