2025-04-22 04:50:37 0
Урматтуу ОшМУнун студенттери! Сиздер үчүн чоң мүмкүнчүлүк! ОшМУнун илимий китепканасынын "StudClub" студенттик борбору 27-май "Китепкана күнү"нө карата өзгөчө китеп окуу мелдешин жарыялайт! Китеп: Асан Ормушев, Венера Жумалиева – “Жусуп Абдрахманов – чыгаан мамлекеттик ишмер” Мелдештин максаты: Китеп окууга кызыгууну арттыруу Студенттердин ынтымагын бекемдөө Мыкты окурман факультетти аныктоо Өткөрүлүүчү күнү: 15-май, 2025-жыл Убактысы: Саат 14:00 Жери: ОшМУнун башкы корпусу, актылар залы Мелдештин форматы: – 60 тест суроо, 60 мүнөт – Ар бир студент жеке катышат – Катышуучулар 15-майга чейин каттоодон өтүшү керек – Жеңүүчүлөр туура жооптордун саны жана убакыт менен аныкталат Байге фонду: 1-орун – 15 000 сом + I-даражадагы диплом 2-орун – 10 000 сом + II-даражадагы диплом 3-орун – 5 000 сом + III-даражадагы диплом Кошумча кызыктыруучу белектер дагы бар! Мыкты окурман болууга даярсыңбы? Катышууга шашыл!