Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү белгиленди.

2025-02-27 14:12:06 87

24-февралда ОшМУнун филология жана маданият аралык коммуникация институтунун факультеттер аралык орус тилинин практикалык курсу кафедрасы Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүн белгиледи. Майрамдык иш-чарада студенттер орус элдик ырларды, бийлерди аткарышты. Ошондой эле тамсилдер чыгармачылык менен көргөзүлдү. Эне тил күнү көп тилдүүлүк жана маданий көп түрдүүлүктү жайылтуу максатында уюштурулду. 1999-жылы ЮНЕСКО эл аралык уюму тарабынан 21-февраль Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү деп жарыяланган.