“Филологиялык билим берүү” (бакалавр) программасынын алкагында Ата-энелер жыйыны болуп өттү.

2025-03-20 03:40:15 115

2025-жылдын 19-мартында, ОшМУнун Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун чет тилдер бөлүмундө 550300 – “Филологиялык билим берүү” (бакалавр) программасынын алкагында Ата-энелер жыйыны болуп өттү. Жыйындын максаты - билим берүүдө ата-энелердин ролунун маанилүүлүгун жана ата-эне менен университеттин карым-катнашын күчөтүү. Жолугушууда ата-энелерге НББПсы, окуу иштери, тарбиялык иштер, ички жана сырткы мобилдүүлүк программалары боюнча маалыматтар берилип, акырында программаны жакшыртуу максатында суроо-жооптор болуп, сунуштар берилди