Биздин окутуучулар дүйнөлүк англис тилчи мугалимдеринин TESOL 2025 эл аралык конференциясында

2025-04-04 05:12:03 98

Филология жана маданияттар аралык институтунун Америка жана котормо таануу кафедрасынын башчысы Аипова Гулзат Букаралиевна, ошондой эле окутуучулар Джумабаева Анара Эмильбековна жана Жалиева Жамила Муктаровна дүйнөлүк англис тилчи мугалимдеринин TESOL 2025 эл аралык конференциясына активдүү катышып жатышат. Бул престиждүү иш-чара АКШнын Калифорния штатындагы Лонг-Бич шаарында өтүп, англис тилин окутуу жаатында эң актуалдуу маселелерди, инновациялык методдорду жана педагогикалык тажрыйбаны талкуулоого арналган. Конференция дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген тил адистерине тажрыйба алмашууга, заманбап окутуу стратегиялары боюнча жаңы билим алууга жана кесиптик байланыштарын кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле, бул иш-чара окумуштууларга жана практикалык мугалимдерге англис тилин экинчи тил катары окутуунун акыркы тенденциялары менен таанышууга шарт түзүп, жаӊы методикаларды иш жүзүндө колдонууга өбөлгө түзөт. Кыргызстандык окутуучулардын TESOL 2025 конференциясына катышуусу өлкөбүздө чет тилдик билим берүүнүн өнүгүшүнө салым кошуп, эл аралык деңгээлдеги алдыңкы тажрыйбаларды жергиликтүү билим берүү системасына киргизүүгө жол ачары шексиз.