“Жашыл келечек-2025” жумалыгы өткөрүлдү

2025-04-07 23:27:38 99

ОшМУнун ФжМАКИнин илим жумалыгынын алкагында чет тилдер бөлүмүндөгү англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын демилгеси менен 2-курстарда окутулуучу “Жогорку билим берүудөгу туруктуу өнүгүү” тандоо курсунун студенттердин алган билимдерин, көндумдөрун көрсөтүүгө шарт түзгөн жыйынтыктоочу “Жашыл келечек-2025” жумалыгы жарыяланды. Жумалык институттун директору, п.и.к., доц. О.А.Шаимкулов тарабынан ачылып, ачылыш аземине ОшМУнун Тоо экосистемаларын коргоо жана жашыл инновациялар боюнча консалтинг борборунун директору Абдыжапар Аккулов, институттун директору Олжобай Шаимкулов, директордун илимий иштер боюнча орун басары Венера Сабирова, профессордук-окутуучулук курам, студенттер катышты. Академиялык мобилдүүлүк боюнча келишкен Андижан мамлекеттик чет тилдер институтунан келген окутуучулар, студенттер да конок катары чакырылды. ОшМУда туруктуу өнүгүү боюнча атайын курстар студенттерге сунушталып келет. “Билим берүүдөгү туруктуу өнүгүү” тандоо курсунда студенттер туруктуу өнүгүү концепциясы менен таанышып, экологиялык, социалдык жана экономикалык көйгөйлөрдү түшүнүү жөндөмдүүлүктөрүн өстүрүшөт. Жыйынтыгында ар жылы «Жашыл демилгелер жумалыгы» өткөрүлөт. Анда студенттер тандоо курсунан алган билимдерин жыйынтыктап, долбоорлорду, стартаптарды жазышып презентациялашат.