Илим жумалыгынын алкагында тилди изилдөөгө байланыштуу эң маанилүү жана учурдагы маселелер талкууланууда

2025-04-23 13:15:56 115

2025-жылдын 21-апрелинде, ФжМАК институтунун чет тилдер бөлүмүндө илим жумалыгынын алкагында «Тилди изилдөөдөгү санариптик интеграция: жаңы горизонттор жана чакырыктар» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Пленардык жыйынды ф.и.к., доцент, директордун окуу иштери боюнча орун басары Ысмаилова Райкан Апжапаровна алып барды жана ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Эшаров Элзарбек Асанович куттуктоо сөзү менен ачты. Андан соң филология илимдеринин кандидаты, доцент Суркеева Динара Бекмаматовна кадырлуу педагогдор: Галимова Е.С. жана Паниткова Н.М.нын студенттерге билим берүүдөгү ишмердүүлүгү жана университеттин өнүгүүсүнө кошкон көрүнүктүү салымдары тууралуу баяндама жасады. Программа филология илимдеринин доктору, профессор, директордун илимий иштер боюнча орун басары Сабирова Венера Кубатовнанын жана доцент Алымкулова Светлана Батырбековнанын куттуктоо сөздөрү менен уланды. Куттуктоо сөздөрүнөн кийин пленардык сессияда тил иликтөөлөрүнүн актуалдуу маселелери боюнча бир катар баяндамалар угулду: педагогика илимдеринин доктору, профессор, Кокон мамлекеттик университетинин (Андижан филиалы) өкүлү Исроилова Дилдора Мухтаровна онлайн режиминде «Студенттердин маданият аралык жана кесиптик коммуникациясын өнүктүрүүдөгү жумшак көндүмдөрдүн мааниси» деген темада баяндама жасады. Ош МУнун тил борборунун директору Амиралиев Семетей Манасович «Көпчүлүк тилчилерге маалым эмес фонетикалык процесстер» тууралуу айтып берди. Филология илимдеринин кандидаты, доцент Кайыкыбашева Айзада Келдибаевна «Эл аралык коммуникативдик компетенция жана виртуалдык дүйнө» маселесин кызуу талкуулады. 2024-2025-жылдарга карата English Language Fellow программасынын окутуучусу Эрик Росалес билим берүү, изилдөө жана технологиялар боюнча баяндама жасады. Жыйынтыгында доцент Сулайманова Гульнура Жолдошевна «Концептуалдык карталар аркылуу болочок мугалимдердин улуттук баалуулуктарын калыптандыруунун педагогикалык негиздери (англис тилин окутуунун мисалында)» деген кандидаттык диссертациялык ишинин темасында баяндама жасады. Конференция идея бөлүшүү, өнөктөштүктү бекемдөө жана тил таануудагы санариптик ыкмаларды колдонуунун келечектүү жолдорун табуу үчүн маанилүү платформа болду. Пленардык жыйындан соң иш-чара өз ишин бир нече багыт боюнча секциялык отурумдарда улантты.