30га жакын окутуучу Өзбекстандын эл аралык «Ватан ифтихори» сыйлыгына ээ болду.

2025-05-21 04:18:15 107

ОшМУнун Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун 30га жакын окутуучусу Өзбекстандын эл аралык «Ватан ифтихори» сыйлыгына ээ болду. Аталган сыйлык 11-13-май күндөрү Самарканд шаарында илимий эмгектер боюнча эл аралык конкурстун алкагында өткөн конференцияда тапшырылды. Аталган сынакка ОшМУнун окутуучулары түрдүү багыттар боюнча жазган илимий макалары менен катышкан. Иш-чараны Өзбекстандын БЕСТ-ПУБЛИКЕЙШН» илимий-изилдөө борбору уюштурган. Сапардын алкагында делегация Самарканддагы тарыхый жерлер менен таанышты.