“Инклюзивдүү билим берүү” предметинин алкагында “Why Inclusion Matters and How to Teach English to Students with Learning Disabilities” деген темада мастер-класс болуп өттү

2025-10-23 04:22:42 157

21.10.2025 куну Филология жана маданият аралык коммуникация институнун чет тилдер бөлүмүнүн магистратура баскычында конок лектор катары Фулбрайт программасы боюнча АКШнын Кент мамлекеттик университетинин «Атайын билим берүү» багыты боюнча бүтүрүүчүсү Мукадас Ташиева чакыртылды.Ал филологиялык билим берүү багытынын 2-курсунун магистранттарына “Инклюзивдүү билим берүү” предметинин алкагында “Why Inclusion Matters and How to Teach English to Students with Learning Disabilities” деген темада мастер-класс өтүп берди. Мастер классты англис тилин окутуунун усулу кафедрасынын доценти Р.Ж.Сагындыкова уюштуруп, М.Ташиева жөнүндө маалымат берип, өзү окуткан «Инклюзивдүү окутуу» предмети боюнча чыныгы адисти чакырып, мүмкунчүлүгү чектелген балдарга кантип англис тилин окутуу керектиги азыркы учурда актуалдуу экендигин белгилеп өттү. Конок лекцияда инклюзивдүү окутуу боюнча кызыктуу маалыматтар берилип, интерактивдүү оюндар менен коштолду.