Buxoro davlat pedagogika institutu тарабынан уюштурулган эл аралык илимий-практикалык конференция

2025-10-28 03:17:32 200

2025-жылдын 22-24-октябрында Buxoro davlat pedagogika institutu тарабынан уюштурулган эл аралык илимий-практикалык конференцияга Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун кыргыз тили илими кафедрасынын башчысы, доцент М.Ж.Кошуева жана аталган институттун кыргыз филологиясы түзүмүнүн 3-курс КЛ(б)-1-23 группасынын студенттери Бактыбек кызы Зарина менен Абдыкалыков Даниелдер катышып, илимий баяндама жасашты. Ошондой эле, доцент М.Ж.Кошуева кафедранын академиялык репутациясын көтөрүү үчүн Buxoro davlat pedagogika institutu Tillar fakultetinin магистранттарына конок лекция окуду. Анда магистранттар менен кошо Karshi davlat pedagogika institutu жана Туркиядан келген окумуштуулар катышты. Ошондой эле, ОшМУнун “Коңшу өлкөлөрдөгү ЖОЖ менен биргелешкен 1 билим берүү программасын түзүү” тапшырмасынын негизинде, кыргыз тили илими кафедрасынын башчысы, доцент М.Ж.Кошуева Buxoro davlat pedagogika institutu менен ОшМУнун билим берүү жана илимий изилдөөлөр жаатында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө максатында кеңири форматта 5 жылдык мөөнөткө кызматташуу меморандумун түзүштү.