Филология жана маданият аралык коммуникация институтунда Окумуштуулар кеңешинин жыйыны болуп өттү

2025-11-07 03:41:40 60

2025-жылдын 4-ноябрында ФжМАК институтунун кезектеги Окумуштуулар кеңешинин жыйыны болуп өттү. Анда кафедралар тарабынан сунушталган квалификациялык жана магистрдик иштердин темаларынын актуалдуулугу, максаттары, милдеттеринин туура коюлушу жана KPI рейтингинин планынын ишке ашырылышы тууралуу маселелер каралды. Биринчи маселе боюнча кыргыз филологиясы түзүмүнүн улук окутуучусу, директордун окуу иштери боюнча орун басары М.Табалдиева билдирүү жасады. Анда ар бир кафедранын сунушталган темалары анализденип, сын-пикирлер, сунуштар айтылды. Кээ бир темалардын кафедралардын багытына дал келбей, илимий жетекчилердин темасына ыктаган иштердин сунуштаганы тууралуу белгиленди. Экинчи маселе боюнча ар бир кафедра башчысы билдирүү жасап, натыйжалуулукту көрсөтүучү иштердин мазмуну менен тааныштырышты. ФжМАКинин директору О.Шаимкулов аткарылып жаткан иштердин баары сапаттык натыйжага ээ болуусу керектигин белгилеп, KPIдын иштерин күчөтүү маселесине токтолду. Ар түрдүү маселелерде окуу иштеринин жүрүшү, эмгек тартиби, модулдук-рейтингдик текшерүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу сөз болду. Окумуштуулар Кеңешинин жыйынында ар бир маселе боюнча сунуштар кабыл алынып, аткарууга чечимдер чыгарылды.