PhD докторанттар үчүн Изилдөө Этикасы боюнча мастер-класс отту

2025-11-12 10:12:39 41

2025-жылдын 11-ноябрында PhD докторанттары үчүн изилдөө этикасына арналган атайын мастер-класс чоң ийгилик менен өттү. Семинарды Назарбаев Университетинин PhD, профессору Дүйшөн Шаматов өткөрдү. Ал изилдөө ыкмалары жана билим берүүдөгү лидерлик жаатында таанылган адис. Мастер-класста илимий-изилдөө иштеринин бардык этаптарында этикалык нормаларды сактоого байланыштуу негизги маселелер каралды, анын ичинде: * Академиялык ак ниеттүүлүк принциптери жана плагиаттын алдын алуу. * Изилдөө катышуучуларынын купуялуулугу жана маалыматтарын коргоо маселелери. * Маалыматтуу макулдукту (информированное согласие) тариздөө. Катышуучулар изилдөөлөрдү жогорку кесиптик жана этикалык деңгээлде жүргүзүү үчүн зарыл болгон баалуу билимдерди жана практикалык сунуштарды алышты.