ЖОЖДОР АРАЛЫК ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ

2025-11-24 04:19:32 45

2025-жылдын 22-ноябрында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил боюнча проректору Жайнагул Садыкбековна жетектеген делегация Ош мамлекеттик университетинде болушту. Делегацияны тосуп алууга арналган иш-чара болуп өттү. Ага филология жана маданият аралык коммуникация институтунун факультетер аралык кыргыз тили кафедрасынын улук окутуучусу Н.Дамилова катышты. Ал кафедранын ишмердүүлүгү туурасында баяндама жасап, кафедрадагы учурда жүргүзүлүп жаткан алгылыктуу иштер жана алдыңкы тажрыйбалар менен бөлүштү. Өз сөзүндө кафедрадагы кыргыз тилин профилдик багыттарда деңгээлдеп окутууга багытталган демилгелүү кадамдар студенттердин сабаттуулугун жана мамлекеттик тилди билүү деңгээлин арттыруу үчүн жасалган аракеттер экендигин белгиледи. Катышуучулар тарабынан кафедранын ишмердүүлүгү туурасында жылуу пикирлер айтылды.