«Лучший студент ЕАЭС» жана «Лучший студент тюркских народов»

2025-11-24 04:50:40 15

Калбекова Таңшоола Жеңишбековна — Филология жана маданият аралык коммуникациялар институтунун англис тили багытынын 4-курсунун студенти. Ал билим берүүдөгү жогорку жетишкендиктери жана студенттик саясаттын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Казакстан Республикасынын Астана шаарында жайгашкан «Bilim-órkenieti» Улуттук инновациялык илимий-изилдөө борбору жана «Жаңа Қазақстан» Республикалык инновациялык борбору тарабынан уюштурулган эл аралык конкурстарда эки ирет 1-даражадагы жеңүүчү катары сыйланды. Атап айтканда, 2025-жылы өткөн «Лучший студент ЕАЭС» жана «Лучший студент тюркских народов» аттуу эл аралык конкурстарда Таңшоола 1-даражадагы диплом, кубок, күбөлүк жана төш белги менен сыйланган.