1-курстун студенттеринин катышуусунда "Осенняя пора - очей очарованье" деген аталыштагы иш-чара өттү

2025-11-24 09:35:50 33

Үстүбүздөгү окуу жылынын 19-ноябрь күнү факультеттер аралык орус тилинин практикалык курсу кафедрасынын окутуучулары Розыкова М.Б., Маткасымова Э.Т. жана Жуманалиева Г.Ч. тарабынан математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун 1-курс студенттеринин катышуусунда "Осенняя пора - очей очарованье" деген аталыштагы иш-чара өткөрүлдү. Бул иш-чаранын жүрүшүндө студенттер орус тилини билүү деңгээлин жана кызыктуу конкурстарга катышып ар тараптуу таланттарын көрсөтө алышты. Иш-чарага 8 команда катышты. Командалардын чыгармачылыгын факультеттер аралык орус тилинин практикалык курсу кафедрасынын башчысы Р.К. Ормокеева, улук окутуучулары Г.А. Имашева жана Т.Б. Асановалардан турган компетенттүү калыстар тобу баалады. Иш-чаранын акырында жеңүүчү командалар 1,2,3 даражадагы дипломдор менен, активдуу катышуучулар грамота жана баалуу белектер менен сыйланды.