«Филология» PhD Программасы Аккредитациясы Ийгиликтүү Аяктады

2025-11-28 05:14:38 14

531000 – «Филология» (PhD) программасынын аккредитация процесси (EdNet Эл аралык аккредитация агенттиги) ийгиликтүү жыйынтыкталды. Программа жетекчиси, ф.и.к., доцент Ысмаилова Р.А. жетектеген Жумушчу топ Өзүн-өзү баалоо боюнча отчетту жана бардык талап кылынган документтерди даярдап тапшырды. Сырткы эксперттерге программанын PhD 4.0 эл аралык стандарттарына жана Co-supervision (кош илимий жетекчилик) моделине ылайыктуулугу ийгиликтүү көрсөтүлдү. Стратегиялык өнөктөштөрдүн активдүү катышуусу жана объективдүү баасы программабыздын жогорку сапатын жана эл аралык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн тастыктады.