ИЛИМГЕ КЫЗЫККАН СТУДЕНТТЕРДИН ИЗДЕНҮҮЛӨРҮ

2025-12-01 05:26:32 18

2025-жылдын 29-ноябрында ОшМУда “Студент жана илимий - техникалык прогресс” аттуу XII эл аралык cтуденттик илимий конференция ОшМУнун илим жана аспирантура бөлүмү тарабынан жогорку деңгээлде уюштурулду. Аталган конференцияга филология жана маданият аралык коммуникация институтунун факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын улук окутуучусу Н.Дамилованын илимий жетекчилиги менен сабак берген ПИжЖ институтунун ЖК(б)-1-25 тайпасынын студенттери Тахмина Кочкорова жана Надира Абакировалар өз макалалары менен катышты. Конференцияда жигердүулүгүн көрсөткөндүгү үчүн сертификаттарга ээ болушту. Илимге кызыккан, ар тараптуу студенттердин аракеттерине ыраазычылык билдиришти.