Мамлекеттик тилди окутуу-милдет

2025-12-01 11:37:49 19

Ош мамлекеттик университетинин кыргыз тилин кесипке багыттап, деңгээлдеп окутуу тажрыйбасы менен бөлүшүү максатында тажрыйбалуу окутуучулардын тобуна жөнөтүлгөн өтүнүч каттын негизинде 2025-жылдын 26-27-ноябрында Бишкек шаарындагы Эл аралык университетинде ОшМУнун ФМАК институтунун факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын башчысы, доцент З.Каразакова («Кыргыз тилин кесипке багыттап, деңгээлдеп окутуу тажрыйбалары (ОшМУнун мисалында)»), улук окутуучу Г.Мамадиева («Кыргыз тилин деңгээлдеп окутууда студенттердин жазуу ишмердүүлүгүн өнүктүрүүнүн (А2, С1) айрым ыкмалары»), улук окутуучу Бермет Закирова («Кыргыз тилин деңгээлдеп окутууда студенттердин сүйлөө ишмердүүлүгүн өнүктүрүүнүн (А2, С1) айрым ыкмалары»), улук окутуучу Айгүл Осмоновалар («Кыргыз тилин деңгээлдеп окутууда студенттердин угуп түшүнүү ишмердүүлүгүн өнүктүрүүнүн (А2, В2) айрым ыкмалары») катышып, баяндама жасашып, тажрыйба алмашуу сабактарын өтүп беришти. Жыйынтыгында окуу жайдын жамааты ыраазычылык билдиришип, ыраазычылык баракчаларын тапшырышты.