«Bridging Cultures on Stage»

2025-12-10 10:43:02 32

10.12.2025. ФжМАК институтунун Англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын демилгеси менен залкар жазуучу Ч. Айтматовдун чыгармачылыгына арналган «Bridging Cultures on Stage» (“Түрдүү маданият бир сахнада”) аттуу драма кечеси 1-курстун студенттеринин арасында өткөрүлдү. Кеченин негизги максаты — студенттерге тил менен маданияттын коомдогу ордун көрсөтүү, ошондой эле алардын алган билиминин натыйжаларын чагылдыруу болуп саналат. Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз, англис жана америкалык белгилүү жазуучулардын чыгармалары студенттер тарабынан англис тилинде чебер аткарылып, калыстар тобу тарабынан бааланып, катышкан студенттер сертификаттарга ээ болушту.