“Адабият – нарктуулуктун башаты” аталышында интеллектуалдык адабий викторина

2025-12-13 06:14:06 9

2025-жылдын 12-декабрында Улуттук адабият күнүнө карата филология жана маданият аралык коммуникация институтунун факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын окутуучулары Н.Караева, Г.Мамадиева, Ж.Максутовалар тарабынан орус филологиясы жана чет тилдер түзүмдөрүнүн ортосунда “Адабият – нарктуулуктун башаты” аталышында интеллектуалдык адабий викторина өкөрүлдү. Викторинага эки түзүмдөн тандалган студенттер катышып, жыйынтыгында кечеге жигердүү катышып, жогорку билимин, ой жүгүртүүсүн, чыгармачылык жөндөмүн көрсөткөнү жана улуттук адабиятты даңазалоого кошкон салымы үчүн мыктылар тандалып, аларга Ардак грамоталар тапшырылды. Эки топтун ичинен калыстар тарабынан мыктылары аныкталып, белек катары китептер ыйгарылды. Кеченин жүрүшүндө адабият алптарынын чыгармаларынан көркөм окуулар, санариптик таймаш (адабиятка байланыштуу суроолор камтылган), улуу жазуучунун чыгармаларынан баяндап берүү (кеп маданияты сыналды), сүрөттөр аркылуу чыгармаларды табуу жана обондуу ырларды аткаруу жумуштары аткарылды. Кечени уюштурган жана уюштурууга салымдарын кошкон факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын окутуучуларына жана эки түзүмдүн тарбиялык иштер боюнча жооптуулары Ч.Токурова жана Н.Усеновага ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалайбыз!