Мобилдүүлүк боюнча конок лекция

2025-12-13 06:17:05 8

2025- жылдын 11- декабрында филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун ФАКТ кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Сара Давлатова А.Мырсабеков атындагы Ош МПУнун Кыргыз-Россия факультетининин кыргыз тили жана адабияты адистигинин 3-4- курстарынын студенттерине "М.Кашкаринин "Дивану лугати- т түрк" эмгегиндеги сөздөрдүн морфологиялык жол менен жасалышы, азыркы кыргыз тили менен катышы" деген темада мобилдүүлүк боюнча конок лекция окуду. Конок лекцияда студенттер менен катар, адис окутуучулар да катышышты. М.Кашкаринин сөздүгүнө байланыштуу студенттер тарабынан суроолор берилип, жооптор алынып, лекция студенттердин кызыгуусун жаратты. Бул багытта байланышты бекемдөө белгиленди.