УЛУТТУК АДАБИЯТ КҮНҮНӨ КАРАТА МАГИСТРАНТТАР ҮЧҮН ТӨГӨРӨК СТОЛ УЮШТУРУЛДУ

2025-12-13 06:46:15 8

Филологиялык билим берүү технологиялары кафедрасы тарабынан 12-Декабрь – Улуттук адабият күнүнө карата “Кыргыз адабиятын окутуунун актуалдуу маселелери” аттуу төгөрөк стол болуп өттү. Төгөрөк столго Б.Садыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин жана ФжМАКИнин кыргыз филологиясы бөлүмүнүн окумуштуулары, аталган окуу жайдын магистратура бөлүмүнүн башчысы, доцент Н.Тилекова, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Г.Усарова, кафедра башчысы, доцент Б.Байтикова, улук окутуучулар Н.Жумаев, Ж.Камчыева, А.Маматова, Н.Заирова, ошондой эле, магистрлер катышышты. Магистранттар кыргыз адабиятын окутуунун учурдагы маселелери, көйгөйлөрү жана окутуунун ыкмалары тууралуу баяндамаларды окушту. Баяндамаларды КӨЭАУнун магистранттары Рысбек кызы Бурулча жана Садирали кызы Айгерим, ал эми ФжМАКИден Жолдошалиева Самара, Акимжанова Турсунайлар окуп, суроолорго жооп беришти. Баяндамалар кызыктуу жана учурдагы маселелерди камтыды. Кафедранын башчысы, доцент Бактыгүл Байтикова эки окуу жайдын арасындагы байланыш мындан ары да бекемделип, тажрыйбалар алмаша тургандыгын жана окутуу жаатында ЖОЖдор менен тыгыз иш алып бара тургандыгын белгиледи. Иш-чаранын жыйынтыгы менен баяндама жасаган магистранттар, жигердүү катышкандар ыраазычылык баракчалары, сертификаттар менен сыйланышты.