Ош шаарынын жаш мугалимдерине мастер-класстар көрсөтүлдү

2025-12-13 06:50:13 12

Филологиялык билим берүү технологиялары кафедрасы тарабынан окутуунун теориясы жана методикасы боюнча мастер-класстардын сынагы уюштурулуп, анын жыйынтыгында Ош шаарынын мектептеринин жаш мугалимдерине эң мыкты заманбап ыкмаларды презентациялоо иш-чарасы болуп өттү. Иш-чаранын максаты кыргыз тилин жана адабиятын окуткан жаш мугалимдерге жакындан жардам берүү, ал эми, студенттерди мугалимдикке даярдоо болуп саналат. Студенттер сабактардын этаптарында колдонулуучу ар кандай ыкмаларды мастер-класс түрүндө көрсөтүп, иш-чара өз максатына жетти. Мектеп мугалимдери мындай иш-чаралардын болушу тажрыйбаны алууга да, алмашууга да мотивация алганга да жакшы экендигин айтышып, уңштуруучуларга терең ыраазычылык билдиришти. Филологиялык билим берүү кафедрасынын башчысы, доцент Бактыгүл Байтикова, улук окутуучулар Нурбек Жумаев, Жылдыз Камчыевалар да мугалимдерге ийгилик каалашып, мындай иш-чаралардын дагы да улантыларын айтып, катышкандарга ыраазычылык билдиришти.