«Go Green Week – 2025»

2025-12-16 11:27:24 49

Ош мамлекеттик университетинин Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын демилгеси менен «Go Green Week – 2025» жумалыгы жарыяланды. Иш-чара ОшМУнун Туруктуу өнүгүү стратегиясына арналган жана 2-курстарда окутулуучу «Жогорку билим берүүдөгү туруктуу өнүгүү» тандоо курсуна негизделет. Жумалыктын максаты – студенттердин туруктуу өнүгүү багытында алган билимдерин, практикалык көндүмдөрүн жана чыгармачыл потенциалын көрсөтүүгө шарт түзүү.