ИНСТИТУТТА ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ТАЙМАШ

2025-12-18 03:55:15 92

ОшМУнун экономика, бизнес жана менеджмент институтунда 2025-жылдын 16-декабрында “Улуттук дем - дүйнөлүк уңгужолу” Жарлыгынын алкагында Улуттук Адабият күнүнө арналган 1-курстардын арасында “Адабият алптары” аттуу интеллектуалдык таймаш өткөрүлдү. Таймаш 3 этаптан туруп, Ч.Айтматовдун, Алыкул Осмоновдун чыгармаларынын негизинде түзүлгөн суроолорго студенттер жооп берип упай топтошту. Таймаштын жыйынтыгында студенттер акчалай сыйлыктарга жана дипломдорго ээ болушту. Интеллектуалдык таймашта социалдык иштер адистигинин студенттеринен куралган топ жеңишке ээ болду. Таймашты ЭБжМ институтунун кыргыз тили дисциплинасынын окутуучулары Б.Абдувалиева, Р.Бекмуратова, Т.Аширова, А.Осмонова, Б.Закировалар уюштурушту жана демөөрчү болушту. Таймаш жогорку деңгээлде өттү.