КАФЕДРАНЫН ОКУТУУЧУЛАРЫ ЭЛТР ИЛИМ-БИЛИМ КАНАЛЫНДА САНАРИП МУГАЛИМ ДОЛБООРУНДА

2025-12-23 08:32:41 51

ОшМУнун филология жана маданият аралык коммуникация институтунун факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасы массалык маалымат каражаттары менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барууда. Анын ичинде ЭЛТР телевидениесинин БИЛИМ–ИЛИМ каналы менен үзгүлтүксүз алака түзүп, алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларын коомчулукка жайылтып келет. Кафедранын окутуучулары Дамилова Нурийла жана Аширова Тунук ЭЛТРдин илим-билим багытындагы «Санарип мугалим» долбооруна катышып, заманбап билим берүүдө санариптик платформаларды колдонуудагы тажрыйбалары менен ой бөлүштү. Алар окутуу процессинде кеңири колдонулуп жаткан интерактивдүү онлайн платформа JeopardyLabs, виртуалдык интерактивдүү доска Padlet, оюн элементтерин, тесттерди, викториналарды жана кроссворддорду түзүүгө мүмкүндүк берген Interacty, электрондук китептерди даярдоого ыңгайлуу WriteReader, ошондой эле интерактивдүү тапшырмаларды иштеп чыгууга багытталган Flippity платформаларынын мүмкүнчүлүктөрүнө токтолушту. Окутуучулар аталган санариптик платформалардын кыргыз тилин окутууда жана жалпы билим берүү процессинде колдонулушунун натыйжалуулугун өз практикалык тажрыйбаларынын негизинде түшүндүрүштү. Кыргыз тили сабактарында заманбап санариптик технологияларды пайдаланууга багытталган сабактар уюштурулуп, анда теориялык билим практикалык иш-аракеттер менен айкалыштырылды. Бул платформалар студенттердин текст менен иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, чыгармачылык жөндөмдөрүн арттырууга, өз алдынча иштөөсүн активдештирүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле студенттердин кыргыз тилинде ой жүгүртүүсүн, жазуу маданиятын жана санариптик сабаттуулугун калыптандырууга өбөлгө түзөт. Сабактын жүрүшүндө санариптик платформалардын негизинде даярдалган интерактивдүү тапшырмалар, викториналар жана оюн форматындагы иштер студенттердин сабакка болгон кызыгуусун арттырып, алган билимдерин бекемдөөгө багытталганы, ошондой эле сабактарда колдонулган мындай ыкмалар окуу жараянын жандуу, мазмундуу жана натыйжалуу өткөрүүгө шарт түзөрү белгиленип өттү. Санарип мугалим көрсөтүүсүндө сунушталган сабактар кыргыз тилин окутууда санариптик платформаларды натыйжалуу пайдаланууга болорун айкын көрсөтүп, заманбап билим берүү талаптарына жооп берген тажрыйба катары жогору бааланды.