Мамлекеттик тилди окутуунун жыйынтыгы

2025-12-23 09:24:28 115

ОшМУнун студенттери Кыргыз тил тесттин ийгиликтүү тапшырып, В1, В2, С1 деңгээлдеринде сертификатка ээ болушту. Окутуучулардын эмгеги менен студенттердин аракетинин натыйжасында алынган сертификат алардын келечегине кызмат кылат. Кыргыз тилинде эркин сүйлөө жөндөмү бекемделип, ар бир деңгээл өзүнчө ийгилик болуп калды. В1 деңгээл студенттердин негизги билимин көрсөтсө, В2 деңгээл терең түшүнүктөргө ээ экенин билдирет. Ал эми С1 деңгээл эң жогорку жетишкендикти далилдей алат. Жыйынтыгында, Кыргызтесттин сертификаттары студенттерге берилгендиги - бул кафедра үчүн сыймык Студенттерди чын жүрөктөн куттуктайбыз жана аларга мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында ийгиликтерди каалайбыз! Окутуучулар З. Каразакова, Н. Дамилова, Караева Н., Г.Мамадиева, Р. Бекмуратова, А.Осмонова А., Т.Аширова, Ж.Максутоваларга ыраазычылык билдирилет.