Профессор Жээналы Шериевдин атындагы мектептин жаңы имараты ачылды

2025-12-26 04:50:01 60

Бүгүн чыгаан окумуштуу, даанышман инсан, улуу устат профессор Жээналы Шериев атындагы орто мектептин жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. 2001-жылы 5-6 чакырым алыстыктагы мектептерге каттап окуган окуучуларды аяп, өзү жанынан каражат кошуп, пайдубалын түптөп, чакан башталгыч мектеп ачкан эле. Буга ыраазы болгон айылдаштарынын өтүнүчү менен агайдын көзү өткөндөн кийин мектепке анын ысымы ыйгарылган. Эми ошол чакан билим уясы жаңыланып, заманбап мектепке айланды. Учурда бул мектепте 267 окуучу билим алууда. Мектептин ачылыш аземине профессор Жээналы Шериевдин шакирттери Ош мамлекеттик университетинин проректору, доцент Нуржамал Мапаева, п.и.д., профессор Сатканбай Момуналиев агай, филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун директору, доцент Олжобай Шаимкулов агай баштаган жамаат да келип, Жээналы Шериевдин жаш муундардын билим алуусуна өзгөчө мамиле жасагандыгын, адамгерчилик асыл сапаттары менен артындагыларга үлгү болгондугун баса белгилешти. Ошондой эле "Билим уясын ачкан улуу инсан" деген темадагы эссе жазуу конкурсунун жеңүүчүлөрү болгон окуучуларга, мектепте талыкпаган эмгеги менен өзгөчөлөнгөн мугалимдер Гулипа Ташбекова, Гулийпа Осмонова, Кундуз Тойчубековаларга акчалай сыйлыктарды жана китептерди белек кылышты. Окумуштуу Абдымиталип Мурзакметов агайыбыз мектеп китепканасына өзүнүн жакында жарык көргөн китептерин тартуулады. Республикалык "Кыргыз тили" коомунун вице-президенти Нуркыз Кадырбековна да устатынын даанышмандыгын белгилеп, мектепке белектерин тапшырды. Иш-чаранын соңунда Лира Шериева жаңы мектеп салып берген өкмөткө, жалпы келген конокторго, мектеп жамаатына ыраазычылык билдирди.