2025-12-26 08:26:07 46

Ош мамлекеттик университетинин филология жана маданияттар аралык коммуникация институту Алишер Навои атындагы өзбек тили, адабияты жана маданияты, Абай атындагы казак тили борборлору 2025-жылдын 23-декабрында "Чынгыз Айтмтовдун чыгармаларынын тили жана көркөм сүрөттөө чеберчилиги” аттуу студенттердин III илимий семинары болуп өттү. Аталган иш чарага чет тили бөлүмунүн студенттери жана окутуучулары б.а. филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын доценттери Акматова Айниса Абдибаитовна, Ысмаилова Райкан Абжапаровна жана улук окутуучу Турдубекова Айнура Шайданбековна эжекелер модератор,илимий жетекчи, тех.катчы катарында активдүү катышышты.