ОшМУнун «Филология» PhD программасы эл аралык аккредитациядан өттү

2026-01-20 05:53:31 16

Ош мамлекеттик университетинин 531000 — «Филология» багыты боюнча докторантура (PhD) программасы «EdNet» билим берүү сапатын кепилдикке алуу агенттиги тарабынан ийгиликтүү аккредитацияланып, 2030-жылга чейин 5 жылдык мөөнөткө тастыкталды. Бул жетишкендик окуу жайдагы илимий-изилдөө чөйрөсүнүн жогорку деңгээлин, профессордук-окутуучулук курамдын кесипкөйлүгүн жана билим берүү процесстеринин эл аралык стандарттарга төп келерин далилдейт. Эксперттик комиссия программанын күчтүү материалдык-техникалык базасын жана илимий кадрларды даярдоодогу системалуу мамилесин өзгөчө белгилешти. Бул чечим докторанттардын изилдөөлөрүн эл аралык деңгээлге чыгарууга жана ОшМУнун дүйнөлүк академиялык чөйрөдөгү аброюн чыңдоого жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.