Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунда чыгармачыл кече болуп өттү

2026-02-16 10:03:02 15

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Алыкул Осмонов жана Жолон Мамытов атындагы адабий сыйлыктардын ээси, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун Абай атындагы сыйлыгынын лауреаты, “Мен дүйнөнү апам менен тааныгам”, “Кат жазчы мага”, “Жазым келчи” сыяктуу обондуу ырлардын автору Фатима Абдылова менен жолугушуу кечеси Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунда болуп өттү. Иш-чарага Ош шаардык Кеңешинин депутаттары, белгилүү акын-жазуучулар, окуу жайлардын окутуучулары жана студенттери, мектеп мугалимдери катышышты. Студенттер акындын ырларын көркөм окуп, акындар комуздун коштоосунда ырдап куттукташты. Залда акындын ырларына жазылган обондуу ырлар жаңырып, жандуу жана креативдүү маанай түзүлдү. Жыйынтыгында акын Фатима Абдылова жалпы келгендерге жана уюштуруучуларга терең ыраазычылыгын билдирип, автордук ырларынан окуп берди. Институттун жетекчилиги ага ыраазычылык кат тапшырып, чыгармачылык ийгилик каалады. Кечени институттун директору, доцент Олжобай Шаимкулов жана Филологиялык билим берүү технологиялары кафедрасынын башчысы, доцент Бактыгүл Байтикова уюштурушту.