Кесиптик-базалык педагогикалык практикага багытталган конференция өттү

2026-02-16 10:09:53 13

Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунда Филологиялык билим берүү технологиялары (ФББТ) кафедрасы тарабынан уюштурулган кесиптик-базалык педагогикалык практиканын ачылыш конференциясы болуп өттү. Иш-чараны институттун директору, доцент Олжобай Шаимкулов жана ФББТ кафедрасынын башчысы, доцент Бактыгүл Байтикова ачып беришти. Алар өз сөздөрүндө практиканын болочок мугалимдердин калыптанышындагы маанилүүлүгүн белгилеп, студенттерге ийгилик каалашты. Конференция кыргыз тили жана адабияты бөлүмүнүн педпрактика жетекчиси Жылдыз Камчыева тарабынан жогорку деңгээлде уюштурулду. Конференциянын жүрүшүндө тажрыйбалуу окутуучулар тарабынан методикалык багыт берген баяндамалар жасалды: Асылкан Маматова (улук окутуучу): "Кыргыз адабиятын окутуунун өзгөчөлүктөрү"; Нурбек Жумаев (улук окутуучу): "Окутуунун заманбап ыкмалары". Баяндамачылар заманбап мектептин талаптарына ылайык окутуунун натыйжалуу жолдорун айтып берип, студенттердин кызыктырган суроолоруна кеңири жооп беришти. Ошондой эле, 4-курстун студенттери Тиленова Гүлназ жана Марат кызы Айдай "Педпрактиканын максатын, милдетин ишке ашыруудагы көйгөйлөр, аларды чечүүнүн жолдору" деген темада презентация жасашты. Алар өз тажрыйбаларына таянуу менен практика учурунда кездешүүчү маселелерди жана аларды жоюунун варианттарын ортого салышты. Иш-чарага ФББТ кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы менен бирге Педагогика жана психология кафедрасынын окутуучулары да катышты. Студенттер кесиптик-багыттык педагогикалык практика боюнча суроолорун берип, адистерден алгылыктуу жоопторду жана баалуу кеңештерди ала алышты.