Филология институтунда «Кышты утурлаган жаз» аттуу стартап долбоор жана арт-терапия иш-чарасы ийгиликтүү өттү

2026-02-24 09:34:16 12

Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун кыргыз филологиясы бөлүмүндө өзгөчө маанайдагы «Кышты утурлаган жаз»аттуу арт-терапия иш-чарасы болуп өттү. Аталган иш-чараны бөлүмдүн стартап долбоорлору боюнча жооптуу окутуучусу, доцент Бактыгүл Байтикова жогорку деңгээлде уюштуруп, студенттердин чыгармачылык дараметине жол ачты. Программанын алкагында 2-курстун студенти Гүлнур Турдуеванын жаңы стартап долбоору коомчулукка жарыяланды. Долбоордун негизги максаты – 2 жаштан баштап бардык курактагы адамдарга сүрөт тартуу аркылуу жан дүйнөсүн тынчтандырууга, стресстен арылууга жана боёктор дүйнөсү аркылуу ички бейпилдик табууга көмөктөшүү. Бул демилге тууралуу жарыялар алдын ала социалдык тармактарга жайгаштырылып, натыйжада иш-чарага окутуучулар, студенттер, мектеп окуучулары жана атүгүл кичинекей бөбөктөр да чоң кызыгуу менен катышты. Арт-терапиянын өткөрүлүшүнө жана катышуучуларга багыт берүүгө Айназик Маматалиева да жигердүүлүк менен катышып, иш-чаранын ийгилигине өз салымын кошту. Жыйынтыгында катышуучулардын баары өз колдору менен жараткан эмгектерине суктануу менен, өзгөчө кубанычта жана руханий эс алуу менен кайтышты. Мындай иш-чаралар студенттердин стартап идеяларын ишке ашыруу менен бирге, коомчулуктун маданий жана психологиялык абалын чыңдоого чоң өбөлгө түзөт.