"Борборду Азия элдеринин өнүгүшүндөгү байыркы кол жазмалар жана алардын эл аралык деңгээлдеги ролу: тил, адабият, маданият жана билим берүү маселелери"

2026-02-26 07:42:02 9

2026- жылдын 25- февралында ОшМУнун филология жана маданият аралык коммуникация институтунда Жусуп Хас Хажиб Баласагындын туулган күнүнүн 1010 жылдыгына арналган "Борборду Азия элдеринин өнүгүшүндөгү байыркы кол жазмалар жана алардын эл аралык деңгээлдеги ролу: тил, адабият, маданият жана билим берүү маселелери"аттуу эл аралык илимий- теориялык конференция болуп өттү. Анда факултетиер аралык кыргыз тили кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Сара Давлатова орто кылымдарда жаралып, бардык түрк элдери үчүн баалуу мурас болгон Махмут Кашкаринин сөздүгүндөгү сүт азыктары лексемаларынын азыркы кыргыз тили менен катышы жана тилдик өзгөрүү кубулуштары иликтөөгө алынган "М.Кашкаринин "Дивану лугати- т түрк" эмгегиндеги сүт азыктары лексемалары" деген темада маңыздуу баяндама жасады жана сертификатка ээ болду.