«Заманбап окутуучу» конкурсунун алкагында ачык сабак өтүлдү

2026-03-06 09:23:12 14

2026-жылдын 5-мартында филология жана маданият аралык коммуникациялар институтунун англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын окутуучусу Орозбаева Венера Эсенгелдиевна "Заманбап окутуучу" сынагынын алкагында 1-курстун студенттери үчүн өзгөчө форматтагы ачык сабак өттү. Сабактын темасы: "Маданияттар аралык коммуникациядагы ачык жана жашыруун бей калыс көз караштар (Implicit and Explicit Bias)" Сабак толугу менен англис тилинде өтүлүп, анда маданияттар аралык байланыштагы эң актуалдуу маселелердин бири — адамдардын аң-сезиминдеги стереотиптер жана алардын карым-катнашка тийгизген таасири талкууланды. Сабактын негизги өзгөчөлүктөрү: Инновациялык технологиялар: Венера Эсенгелдиевна сабакта санариптик куралдарды (Wordwall, Mentimeter, Google Forms) чеберчилик менен колдонуп, студенттердин активдүүлүгүн жогорулатты. Сабактын башында Wordwall аркылуу өтүлгөн темаларды кайталоо жана "Раса vs -Этникалык таандык" түшүнүктөрүн айырмалоо боюнча интерактивдүү оюн ойнотулду. Студентке багытталган окутуу: Окутуучу "Test-Teach-Test" методикасын колдонуп, алгач студенттердин билимин текшерип, андан соң жаңы материалды видео-ресурстар жана практикалык тапшырмалар аркылуу тереңдетти. Практикалык көндүмдөр: Студенттер жуптарда жана топтордо иштеп, турмуштук сценарийлерди (Scenario Cards) талдап, ачык жана жашыруун бейкалыс көз караштарды аныкташты. Сабактын эң кызыктуу бөлүгү — ролдук оюндар болду, анда студенттер бей калыс көз караштарды кантип азайтуу жана маданияттар аралык түшүнүүнү кантип жакшыртуу керектигин иш жүзүндө көрсөтүп беришти. Кайтарым байланыш: Сабактын аягында Google Form аркылуу санариптик өзүн-өзү баалоо жүргүзүлүп, "Exit Tickets" (Чыгуу билеттери) ыкмасы менен студенттердин алган таасирлери жана суроолору талданды Жыйынтык Венера Орозбаеванын бул сабагы заманбап педагогикалык технологияларды колдонуунун, академиялык тилди өздөштүрүүнүн жана студенттердин критикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүүнүн мыкты үлгүсү болду. Окутуучунун методикалык чеберчилиги жана аудитория менен болгон жандуу байланышы комиссия мүчөлөрү тарабынан жогору бааланды. Венера эжекеге конкурста ийгилик каалайбыз!