УЛУТТУК БААЛУУЛУКТУ ДАҢАЗАЛАГАН ӨНӨР ТАЙМАШЫ
2026-03-19 04:17:50
12
2026-жылдын 16-мартында ФжМАК институтунун ФАКТ кафедрасынын окутуучулары Э,Алишерова, Н.Дамилова, Э.Баатырбековалардын уюштуруусу менен тарых жана юридика институтунун 1-курсунун студенттеринин арасында улуттук баалуулуктарды даңазалаган “Сармерден – кыз-жигит оюну” аталышындагы маданий тарбиялык иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Бул иш-чаранын максаты студенттердин чыгармачылык дараметин көрсөтүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүү, улуттук маданиятка болгон кызыгуусун арттыруу болду.
Оюндун жүрүшүндө кыздар жана жигиттер “Манас” эпосунан, дастандардан үзүндүлөрдү айтуу, ыр-бий аткаруу, тамаша, макал-лакап айтышуу жана ар кандай чыгармачылык тапшырлар боюнча күч сынашты. Ар бир команда өз өнөрлөрүн тартуулап, тапкычтыгын, сахналык маданиятын жана биримдигин көрсөтө алды. Сармерден оюну жөн эле көңүл ачуучу оюн эмес, ал эзелки салтты азыркы күндө улап келе жаткан салттуу оюн экендигин жогорку деңгээлдеги даярдыктары менен көрсөтө алышты. Өнөрлүү, идиректүү жаштардын аракети, улуттук баалуулукка болгон урмат-сыйы көрөрмандарды кубандырды.
Жыйынтыгында, таймаш жогорку атаандаштыкта өтүп, достук жеңип, эки тараптын тең чыгуусу менен аяктады.. Бул болсо студенттердин ынтымагын, биримдигин жана өз ара сый-урматын дагы бир жолу далилдеди. Институт тарабынан дипломдор, баалуу сыйлыктар берилди. Иш-чара соңунда мындай улуттун улуулугун даңазалаган салттуу оюнду мыкты уюштургандыгы үчүн ФжМАК институтунун ФАКТ кафедрасынын окутуучулары Э.Алишерова, Н.Дамилова, Э.Баатырбековаларга тарых жана юридика институтунун директору профессор Г.К.Кулдышева ЫРААЗЫЧЫЛЫК КАТ тапшырды, мындай маданий иш-чаралар мындан ары да уланары белгиленди.