Ош шаарынын мектеп директорлоруна семинар өтүлдү

2026-03-24 02:32:20 21

2026-жылдын 18-мартында Ош шаарындагы № 6 жалпы билим берүүчү А.С.Макаренко атындагы мектепте мектеп директорлорунун семинары болуп өттү. Семинар КРдин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” жана билим беүүнүн “Алтын казык” программасы жөнүндө болду. Бул семинарга Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун филологиялык билим технологиялары кафедрасынын башчысы, доцент Бактыгүл Байтикова “Уңгу жолду сактоо – келечектин пайдубалын түптөө” , улук окутуучу Асылкан Маматова “Алтын казык” программасы жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун заманбап механизмдери” деген темаларда баяндама жасашты. Окутуучулар мектеп жетекчилеринин суроолоруна жооп берип, Уңгужолдун билим берүүдөгү койгон прициптерин, “Алтын казык” программасы менен дал келүүчүлүктөрүн, бирин-бири улаган стратегиялары жөнүндө талкуулашты. Иш-чаранын жыйынтыгында, аталган окутуучуларга Ош шаардык Билим берүү башкармалыгынан ыраазычылык айтылды.