2026-03-26 04:44:03 15
2026-жылдын 19-мартында Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун кыргыз тили жана адабияты адистигинин 3-4-курстарынын студенттери үчүн педагогикалык практиканын жыйынтыктоо жана узатуу конференциясы жогорку деңгээлде уюштурулду. Иш-чараны институттун директору, доцент Олжобай Шаимкулов ачып берип, педагогикалык практика студенттердин кесиптик калыптанышындагы эң маанилүү баскыч экенин белгилөө менен бирге болочок адистерге ийгилик каалады. Ошондой эле Практика жана карьера борборунун улук инспектору, педрактика боюнча жооптуу Султанов Жанарбек практиканын жүрүшү, мектептер менен түзүлүүчү байланыштар жана уюштуруу иштери боюнча кеңири маалымат берди.
Конференциянын экинчи бөлүгүндө ФББТ кафедрасынын улук окутуучусу А. Маматова "Алтын казык" программасы боюнча маанилүү баяндама жасаса, аталган кафедранын башчысы, доцент Бактыгүл Байтикова педагогикалык практиканын жүрүшү жана студенттер арасында жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары менен тааныштырып, SWOT-анализдин негизинде кеңири талдоо жүргүздү. Иш-чаранын соңунда студенттер өздөрүн кызыктырган суроолоруна методисттерден жооп алышып, ачык талкуу жүрдү. Жыйынтыгында педагогикалык практиканын жетекчиси Жылдыз Камчыева тиешелүү буйрук менен тааныштырып, 4-курстун студенттерине мектеп босогосундагы жооптуу ишинде чыгармачылык ийгиликтерди каалады.