2026-03-26 11:18:46 20
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЛИМ, ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИННОВАЦИЯ МИНИСТРЛИГИ
ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ
ФИЛОЛОГИЯ ЖАНА МАДАНИЯТТАР АРАЛЫК КОММУНИКАЦИЯ ИНСТИТУТУ
МААЛЫМАТ КАТ
Филология жана маданияттар аралык коммуникация институту кесиптештерди, окумуштууларды жана жаш изилдөөчүлөрдү 2026-жылдын 10-апрелинде өтө турган «Заманбап филологиянын семиотикалык парадигмалары: Профессор З.К. Караеванын илимий мектеби » аттуу илимий-практикалык конференцияга катышууга чакырат. Бул иш-чара көрүнүктүү илимпоз, филология илимдеринин доктору, профессор Зина Караевна Караеванын илимий мурасын тереңдетүүгө жана заманбап филологиядагы жаңы багыттарды талкуулоого арналат.
Конференциянын негизги багыттары (секциялар):
1-секция: Котормо таануунун семиотикалык маселелери
2-секция: Заманбап филологиялык билим берүүнүн парадигмалары
3-секция: Социолингвистика жана маданияттын семиотикасы
Конференция гибрид форматында (онлайн жана оффлайн режимдеринде) өткөрүлөт, англис, кыргыз жана орус тилдеринде.
Макалага коюлуучу талаптар:
Титулдук бет
1. Макаланын башында Универсалдуу ондук классификациялык (УДК) номери көрсөтүлүшү абзел.
2. Макаланын аталышы макаланын оригиналдуу тилинде болушу керек, Times New Roman шрифтинде, баш тамгалар менен, ортого иреттүү, калың жана 12-өлчөм шрифт менен жазылууга тийиш.
3. Автор/авторлор жөнүндө маалымат оң капталга иреттүү, нормалдуу 12-өлчөм шрифт менен жазылууга тийиш. Автор/авторлор жөнүндө маалымат төмөнкү формада берилет: аты-жөнү, илимий даражасы, кызматы жана наамы, иштеген жери, Email, ORCID ID номери.
4. Аннотацияда макаланын негизги темасы, проблемасы, изилдөөнүн максаты жана натыйжалары кыскача баяндалышы керек. Аннотация макаланын тиешелүү илим тармагындагы башка изилдөөлөргө салыштырганда кандай жаңылык камтыганын көрсөтүп турат, адабиятка шилтемелер берилбейт, кыскартуулар колдонулбайт. Аннотация 100-200 сөздөн туруп, 10-өлчөм шрифт жана 1.0 саптар аралык интервалы менен жазылууга тийиш.
5. Ачкыч сөздөр (5-8 сөз) макаланын негизги мазмунун жана изилдөөнүн предметтик чөйрөсүн чагылдырышы керек.
6. “Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Филология” журналы кыргыз, орус жана англис тилдеринде макалаларды кабыл алат. Ошондон улам, жогоруда саналган баардык пункттар журналдын берки эки тилине которулууга тийиш. Мисалы, эгер макала кыргыз тилинде болсо, анда макаланын аталышы, автор(-лор) тууралуу маалыматтар, аннотация жана ачкыч сөздөр орус жана англис тилдерине которулушу керек болот.
7. Титулдук бетте 1.0 саптар аралык интервалы колдонулушу керек. (Мукаба үлгүсү)
Текст
1. Макаланын көлөмү (анын аталышын, авторлору жөнүндө маалыматтарды, аннотацияларды, ачкыч сөздөрдү, адабияттар тизмесин кошпогондо) 3.000 сөздөн кем эмес жана 9.000 сөздөн ашпоого тийиш.
2. Барактын боштук талаалары: сол четинен 3 см, оң четинен 1,5 см, үстүнкү жана астыңкы четинен 2 см.
3. Макаланын тексти Times New Roman шрифтинде, 12-өлчөмдө, 1.15 саптар аралык интервал менен, абзацтар ортосундагы интервал 0 пт чейин жана 12 пт кийин жазылууга тийиш.
4. Абзацтын биринчи сабы 1 см ичкериден башталышы керек.
5. Текст ичинде кандайдыр бир сөздү бөлүп көрсөтүү керек болсо, ал жоон же асты сызылган эмес, курсив менен берилиши керек.
6. Эскертүү жана кошумчалар бет-асты түшүндүрмөменен берилүүсү керек. Бет-асты түшүндүрмө (ар бир барактын төмөн жагында жайгаштырылган текстке эскертүү же түшүндүрмө) Times New Roman шрифти менен, 10-өлчөмдө жана 1.0 саптар аралык интервалы менен жазылууга тийиш.
Бөлүм аталыштарынын тартиби
1. Изилдөө макалалары төмөнкү бөлүмдөрдө түзүлүшү керек: Киришүү, Метод, Анализ, Жыйынтык, Корутунду, Талкуу жана Сунуштар.
2. Концептуалдык жана теориялык талдоолордо, рецензия же башка ушул сымал макалаларда бөлүмдөр мазмунга ылайык жайгаштырылышы мүмкүн.
3. Бөлүм аталыштары калың Times New Roman шрифти менен, 12-өлчөмдө, 1.15 саптар аралык интервалы менен жана сол капталга иреттүү жазылышы керек.
4. Бөлүм аталыштары үчүн үч баскычтуу система иштейт. Биринчи даражадагы бөлүмдөр калың шрифт менен жазылып, сол капталга иреттелиши керек. Экинчи даражадагы бөлүмдөр калың курсив менен жазылып, сол капталга иреттелиши керек. Үчүнчү даражадагы бөлүмдөр курсив менен жазылып, сол капталга иреттелиши керек.
Конференцияга катышуу үчүн баяндаманын электрондук версиясын 2026-жылдын 25-мартына чейин Уюштуруу комитетинин төмөнкү дарегине жөнөтүү зарыл: ОшМУ, Филология жана маданияттар аралык коммуникация институту, Курманжан датка 252. Жарыялоого электрондук формадагы материалдар гана кабыл алынат. Материалдар talipova.sahida@mail.ru электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек, ар бир катышуучудан 1000с уюштуруу төлөмү алынат жана ага байланыштуу суроолор боюнча жооптуу - Мээрим И. 755 202057
Уюштуруу комитетинин байланыш маалыматтары:
Ысмаилова Райкан Апжапаровна: +996 779 44 54 00; Койлубаева Бурулча Кожоновна: +996 555 06 57 76, burulcha69@gmail.com .