2026-03-26 13:42:45 10
ОшМУнун ФжМАКИнин Англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасы тарабынан 550300 – «Филологиялык билим берүү» (Чет тили профили) программасы боюнча стейкхолдерлердин катышуусунда тегерек стол уюштурулду.
Иш-чарада программа жетекчиси, доцент Б.Ж. Тургунбаева билим берүү программасы тууралуу кеңири маалымат берип, талкуу интерактивдүү форматта уланды. Катышуучулар академиялык мобилдүүлүктү жана кош дипломдук программаларды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешип, окуу дисциплиналарынын актуалдуулугуна оң баа беришти. Жыйынтыгында программаны өркүндөтүү максатында катышуучулар тарабынан сунуштар берилип, анкета толтурулду.