2026-03-27 07:15:12 11
Ош мамлекеттик университетинин Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун Англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын демилгеси менен, Ош билим берүү институту менен түзүлгөн меморандумдун негизинде «ЖОЖ менен мектеп» программасынын алкагындагы долбоор улантылууда.
2026-жылдын 26-мартында кафедранын доценти Э.Г. Ахмедова жана окутуучу Ж.Т. Бекташева тарабынан «Speaking Tests Through Games: An Interactive Seminar for Language Teachers» аттуу семинар өткөрүлдү. Семинар мектептердин англис тили мугалимдерине усулдук жардам көрсөтүп, окутуунун сапатын жогорулатууга багытталды.