"Академиялык окуу жана жазуунун негизинде студенттердин кеп ишмердүүлүгүн өстүрүү"

2026-04-08 04:49:52 13

2026-жылдын 7-апрелинде Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде ОшМУнун филология жана маданият аралык коммуникация институтунун факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Сара Давлатова "Академиялык окуу жана жазуунун негизинде студенттердин кеп ишмердүүлүгүн өстүрүү" деген темада конок лекция өтүп, тарых- филология факультетинин деканы доц. Ж Каденова, окутуучулар жана студенттер катышышты. Баалуу маалыматтар камтылган мазмундуу өтүлгөн лекция окутуучулар менен студенттердин кызыгуусун жаратып, суроо- жооптор уюштурулду. Аягында доц.С.Давлатовага окуу жайдын атынан "Ыраазычылык кат" тапшырылып, кызматташууну мындан ары да күчөтүү белгиленди.