ОшМУнун окутуучулары Өзбекстандын жогорку окуу жайларында тажрыйба алмашты

2026-04-09 10:32:00 7

Ош мамлекеттик университетинин бир топ окутуучулары Өзбекстан Республикасынын Термез мамлекеттик университетинин жана Ташкент мамлекеттик медициналык университетинин Термез филиалынын атайын чакыруусу менен илимий-изилдөө жана тажрыйба алмашуу сапарында болуп кайтышты. Иш сапардын алкагында Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун доценти Бактыгүл Байтикова, Педагогика, искусство жана журналистика институтунун улук окутуучусу Махабат Мамырова, ошондой эле Индустриалдык-педагогикалык колледжинин окутуучулары Нурила Темирова менен Канымбү Коңурбай кызы аталган окуу жайлардын ишмердүүлүгү менен таанышып, студенттерге жана окутуучулар курамына кызыктуу конок-лекцияларды, мастер-класстарды өтүштү.

Лекциялардын жүрүшүндө доцент Б. Байтикова кыргыз-өзбек адабий байланыштарынын тарыхый маанисине токтолсо, улук окутуучу М. Мамырова Орто Азиядагы журналистиканын заманбап тенденцияларын талдап берди. Ал эми Н. Темирова билим берүүдөгү туруктуу өнүгүүнүн ролун белгилеп, Канымбү Коңурбай кызы "Манас" жана "Алпамыш" эпосторунун ортосундагы сюжеттик окшоштуктар менен өзгөчөлүктөр тууралуу илимий баяндама жасады. Мындан сырткары, магистранттар жана медицина факультетинин студенттери үчүн окутуунун заманбап ыкмалары, кептик коммуникация, медиа сабаттуулук жана фейк маалыматтарды аныктоо боюнча атайын мастер-класстар уюштурулду. Сапардын жыйынтыгында Ташкент медициналык университетинин Термез филиалынын директору Ф. Атамирзаев жана Термез мамлекеттик университетинин өзбек филологиясы факультетинин деканы А. Худайкулов кыргызстандык кесиптештерине терең ыраазычылык билдирип, мындан ары да эки тараптуу байланыштар бекемделе берерин белгилөө менен аларга атайын ыраазычылык каттарды жана тастыктамаларды салтанаттуу түрдө тапшырышты.