2026-жылдын 10-апрелинде Ош мамлекеттик университетинин Филология жана
маданияттар аралык коммуникация институтунда «Заманбап филологиянын
семиотикалык парадигмалары» аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция
болуп өттү. Иш-чара филология илимдеринин доктору, профессор Зинаида
Караевна Караеванын илимий жетишкендиктерине арналып, ага «ОшМУнун Ардактуу
профессору» наамын ыйгаруу аземи менен коштолду.
Конференцияга Кыргызстан, Россия, Улуу Британия, Өзбекстан жана Казакстандын
алдыңкы окумуштуулары катышты. Салтанатты ОшМУнун ректору, профессор К.Г.
Кожобеков ачып берди. Иш-чара англис, орус жана кыргыз тилдеринде
жүргүзүлүп, заманбап лингвистиканын актуалдуу маселелери, белгилер системасы
жана котормонун прагматикасы талкууланды.
Конференциянын иши үч негизги секцияда уюштурулду:
• 1-секция: Котормо таануудагы семиотикалык маселелер — котормонун
социалдык жана маданий релеванттуулугуна басым жасалды.
• 2-секция: Заманбап филологиялык билим берүүнүн парадигмалары —
лингвокогнитивдик талдоо, жасалма интеллекттин (AI) тилге тийгизген таасири
жана концепттердин тарыхы каралды.
• 3-секция: Социолингвистика жана маданияттын семиотикасы — көп
маданияттуу чөйрөдө тилдик иденттүүлүктү өнүктүрүү жана окутуунун санариптик
инструменттери талкууланды.
Конференциянын өзгөчө багыты катары филологиянын санариптик трансформациясы,
анын ичинде IT-неологизмдерди талдоо, билим берүүдө нейрондук тармактарды
интеграциялоо жана глобалдык дискурстагы гибриддик неологизмдердин
семиотикалык табияты боюнча баяндамалар жасалды. Иш-чара эл аралык
академиялык кызматташтыкты чыңдоо жана илимий мектептерди андан ары
өнүктүрүүгө багытталган резолюцияны кабыл алуу менен аяктады.