"Сөзмөр филологдор"

2026-04-16 08:05:14 3

2026-жылдын 15-апрелинде ФжМАК институтунда илимий жумалыктын алкагында жана "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгу жолунун "Мамлекеттик тил" жана "Таалим-тарбия, илим, билим, маданият" деп аталган багыттарына негиздеп "Сөзмөр филологдор" аттуу илимий-дебат тарбия иштери боюнча директордун орун басары Ж.Тажибаева тарабынан уюштурулду. Анда ар бир курстан экиден команда болуп, жалпы 8 команда катышты. Дебатта катышуучулар тил илиминин актуалдуу маселелерин уңгу жолго негиздеп талкуулашты да, өздөрүнүн сүйлөө чеберчиликтерин да көрсөтө алышты.

Аталган дебат студенттердин илимий көз карашын кеңейтүүгө, эркин пикир алмашуу маданиятын калыптандырууга жана филологиялык билимдерин тереңдетүүгө өбөлгө түздү.
Жыйынтыгында, 2-курстун "Ой чабыт" командасы жеңишке жетишишти. Жеңүүчүлөргө уюштуруучу тарабынан грамоталар жана акчалай сыйлыктар берилди.