ОШМУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ АНДИЖАНДА ЭКОНОМИКА ЖАНА ПЕДАГОГИКА УНИВЕРСИТЕТИНДЕ

2026-04-20 07:34:31 19

15–17-апрель күндөрү Ош мамлекеттик университетинин филология жана маданият аралык коммуникация институтунун факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын окутуучулары Т.Айбашова, Н.Дамилова, Н.Тахирова, Т. Ашировалар Андижан экономика жана педагогика университетине академиялык мобилдүүлүк алкагында иш сапар менен барып келишти. Иш-чаранын негизги максаты – эки жогорку окуу жайдын ортосунда илимий-академиялык кызматташууну кеңейтүү, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен билим берүү программаларын өнүктүрүү болду.
Сапардын жүрүшүндө окутуучулар студенттерге конок лекцияларды жана моделдик сабактарды өтүп, тегерек стол форматындагы талкууларга катышышты.
Ошондой эле билим берүү процессиндеги заманбап методдор, санариптик технологияларды колдонуу жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча пикир алышуу болду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар академиялык мобилдүүлүктү мындан ары да улантуу, студенттер жана окутуучулар ортосундагы тажрыйба алмашуу программаларын кеңейтүү, биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашышты.