Ош мамлекеттик университетинин Филология жана маданият аралык коммуникация
институтунун Англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасы Ала-Тоо
Эл аралык университети менен биргеликте туруктуу өнүгүү идеяларын
филологиялык билим берүү жана чет тилдерин окутуу багытына интеграциялоого
багытталган долбоорду ишке ашырууда.
2025-жылы башталган долбоор 2029-жылга чейин улантылат. Ага эки жогорку окуу
жайдан жалпы 30 студент жана 15 окутуучу активдүү катышууда. Долбоордун
негизги максаты – филологиялык билим берүүнүн мазмунуна туруктуу өнүгүү
принциптерин киргизүү, ошондой эле студенттердин илимий-изилдөө,
аналитикалык жана практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү.
Ошондой эле, ОшМУда 550300 “Филологиялык билим берүү” билим берүү
программасынын алкагында “Билим берүүдөгү туруктуу өнүгүү” аттуу тандоо
курсу 2018-жылдан бери сунушталып келет. Анын алкагында жыл сайын “Жашыл
жумалык” иш-чарасы өткөрүлүп турат.
2026-жылдын 21-мартында өткөн “Филология, билим берүү жана туруктуу келечек”
аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияда долбоордун бүгүнкү күнгө
чейинки жыйынтыктары кеңири тааныштырылды. Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан,
Өзбекстан, Индия жана Орусиядан келген окумуштуулар, окутуучулар жана
изилдөөчүлөр катышып, өз ара тажрыйба алмашышты.
Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар филологиялык билим берүү менен
туруктуу өнүгүү максаттарын айкалыштыруунун маанисин белгилешип, бул
багыттагы инновациялык ыкмалардын, жаңы окуу программаларынын жана илимий
изилдөөлөрдүн актуалдуулугун баса көрсөтүштү.